20:37 21 Бугу 2018
Түз эфир
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учрунда

Жээнбеков: УКМКнын өкүлдөрү иштеген кызматына дал келиши керек

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
26110

Президент УКМКнын башчысына Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тез ишке ашыруу керектигин эскертти

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттери талкууланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана Коррупцияга каршы кызматынын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Президент кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы кызматтын ишмердигинин форматын мекемеге жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатабы жана ар бир кызматкер иштеген кызматына ылайык келерин кайрадан карап чыгуу милдетин койду.

"Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт", — деди Жээнбеков.

Президент жана УКМКнын төрагасы ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жана күрөшүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты.

Сегизбаев өз кезегинде президентке өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мындан аркы пландары, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын иш-аракеттерин аныктап, алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.

Тема боюнча

Жээнбеков: баӊгизаттарды көзөмөлдөө начарлап кетти
Жээнбеков: сот ишине кийлигишейин деген оюм жок, бирок мажбур болуп жатам
Белгилер:
президент, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Абдил Сегизбаев, Сооронбай Жээнбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ