Сапар Исаковду депутаттар парламентке чакыртышты

Жазылуу
Депутаттар жыйын башталбай жатып эки жаатка бөлүнүп кетишти

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков парламентке келип ТЭЦтеги абал боюнча жооп бермей болду.

Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйын башталбай жатып эки жаатка бөлүнүп, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчынын отставкасын талап кылган эле. Ал эми Бакыт Төрөбаев Исаков кечирим сурап эле абалдан чыгып кетпей тургандыгын айткан.

Кенжебек Бокоевден кийин Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев премьер-минстрдин парламентке келип жооп берүүсүн талап кылышкан.

TBEA ишканасынын кызматкерлери ТЭЦтин ачылыш аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦти жаңылаган кытайлык TBEA ишканасы тууралуу 7 факты
Натыйжада Исаков саат 11.00дөн кийин Жогорку кеңешке келип, ТЭЦтеги абал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп бермей болду.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.

30-январь күнү таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 29-январда системага суу толтуруу аракеттери башталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0