Инаугурация аземинен улам шаардын борбордук көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милиция кызматкерлери. Архив
Патрулдук милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы шайланган өлкө башчы кызматка 24-ноябрда киришет

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президенттин инаугурация салтанатынан улам Бишкек шаарынын айрым борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизиле турганын Кайгуул милициясы билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы шайланган өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматка 24-ноябрдан тарта киришет.

Милициянын маалыматына ылайык, Айтматов, Манас жана Чүй проспектилери менен бир катар көчөлөр маал-маалы менен автоунаа үчүн жабылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0