БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. КСДП партиясынын саясий кеңеши кечээ жыйынга чогулуп, депутат Жанар Акаевди фракциянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу КСДП фракциясынын мүчөсү Марат Аманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Акаевди мандатынан ажыратуу талабы коюлган эмес.
"Мандатын тапшырабы-тапшырбайбы, аны Жанардын абийирине койдук", — деди Аманкулов.
Жанар Акаев 2015-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо КСДП фракциясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Ал тизме боюнча жетинчи катарда болчу.
Депутат болгонго чейин "Азаттык" радиосунун журналисти, 2015-жылы февраль айынан августка чейин президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеген.