Президент Алмазбек Атамбаевдин беш элчиге айткан кеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев беш мамлекеттин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамотасын алды
Президент Алмазбек Атамбаев беш мамлекеттин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамотасын алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамотасын алып, ар бир өлкө менен болгон кызматташуу жөнүндө кеп кылды

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев беш мамлекеттин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамотасын алды.

Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев жалаа жапкандарды макулукка теңеди
Документти Лакшманан Сависри (Индия), Мохаммед Исса Месбах (Афганистан), Бернар Тано-Бучуе (Кот-д`Ивуар), Ауалеу Гобезие Воркенех (Эфиопия) жана Юрий Погребнякс (Латвия) тапшырды. Акыркы үч мамлекеттин дипломаттарынын резиденциясы башка мамлекетте жайгашкан.

Атамбаев дипломаттардын ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан ачык, эркин жана демократиялуу коомду курууга чоң күч жумшаганын белгилеп өттү. Ал ошондой эле акыркы жылдары улуттук экономиканын өсүшү тууралуу дипломаттарды кабардар кылды.

Президенттин ар бир элчиге айткан кептери

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАфганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбаз
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбаз

Афганистан

"Афганистан менен болгон кызматташуу абдан маанилүү. Сиздердин өлкөдө туруктуулук жана тынчтык болушуна кызыкдарбыз. Афгандыктар бул эмне экенин жакшы түшүнүшөт… Биз келечекте Афганистанга жардам бере турган инфраструктуралык долбоорлорго активдүү катышуудабыз".

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИндиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Сависри
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Индиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Сависри

Индия

"Индия мен үчүн өзгөчө мамлекет. Отставкага чыккандан кийин силерге жыл сайын барып турууну ойлоп жатам. Бизди бирдиктүү менталитет менен жалпы тарых байланыштырып турат. Таж-Махал менен башка ири объектилердин курулуш иштеринин башында турган Бабур Оштон чыккан. Ошондой эле Индияга болгон былтыркы сапарымды жылуу сезимдер менен эскерем".

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛатвиянын Кыргызстандагы элчиси Юрийс Погребнякс
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Латвиянын Кыргызстандагы элчиси Юрийс Погребнякс

Латвия

"Биз бир мамлекетте жашадык. Мен кызматкерлериме "Биз эмнеге Германия, Австрия, Швейцарияга эле бара беребиз? Мен Латвия, Эстония, Финляндияга баргым келет" деп айттым… Эки тараптуу кызыкчылыкдарды эске алуу менен долбоорлордун үстүндө иштесек болот. Ошондой эле сиздердин өлкө башчыларыңыздарды кубануу менен тосуп алат элек".

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКот-д’Ивуардын Кыргызстандагы элчиси Бернар Тано-Бучуе
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Кот-д’Ивуардын Кыргызстандагы элчиси Бернар Тано-Бучуе

Кот-д`Ивуар

"Бул абдан кызыктуу аймак. Биринчи адамдар Африкада пайда болгонун жана түбүбүз ошол жактан экенин бардыгыбыз билебиз. Африка өлкөлөрү анын ичинде Кот-д`Ивуар менен тыгыз кызматташууну каалайбыз".

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭфиопиянын Кыргызстандагы элчиси Ауалеу Гобезие Воркенех
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Эфиопиянын Кыргызстандагы элчиси Ауалеу Гобезие Воркенех

Эфиопия

"Эфиопияда байыркы салт-санаа менен маданиятты сактап калган улуу калк жашайт. Андагы падышалар иудейлердин китептеринде эскерилет. Кыргызстан сиздер менен болгон мамилени чыңдоого кызыкдар".

Мамлекет башчы элчилерди өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0