Атамбаевдин "Евроньюска" берген билдирүүсү боюнча Астана түшүндүрмө сурап жатат

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Европага иш сапары менен барып анын алкагында Euronews телеканалына интервью берген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевдин Euronews телеканалына берген билдирүүсү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө сурап жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Казакстанга Атамбаевдин айткандары боюнча жооп кайтарды
Алмазбек Атамбаев журналисттин Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү суроосуна жооп берип жатып, Казакстан тууралуу дагы кеп кыла кеткен.

"Соода-сатык жүргүзүү үчүн кошуналар менен кызматташуу керек. Эгер Евразия экономикалык биримдигине кирбегенибизде жолдор жабылмак. 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жапканда бизде адам өлүмү дагы болгон", — деп билдирген Атамбаев.

Дүйшөмбү күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул билдирме боюнча өзүнүн позициясын айтты.

"Кыргызстандын президентинин мындай билдирүүсү көңүл бурдурду. Учурда кыргыз тараптан жооп күтүп жатабыз", — деп билдирген Казакстандын ТИМи.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Европага иш сапары менен барып, анын алкагында Euronews телеканалына интервью берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0