Ош облусуна жаңы жетекчи болуп Алайдын акими дайындалды

Жазылуу
Бул боюнча тиешелүү буйрукка Темир Сариев кол койду.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Таалайбек Сарыбашев дайындалды. 

Өкмөттөн билдиришкендей, бул боюнча тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Таалайбек Сарыбашев буга чейин Алай районун акими болуп иштеп келген. 

Буга чейин иштеген Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0