https://sputnik.kg/20260719/1102492160.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда орточо айлык бир жылда 10,4 миң сомго өстү. Мындай маалыматты Статистика боюнча улуттук комитет жарыялаган материалдан көрүүгө болот. Мекеме... 19.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-19T15:00+0600
2026-07-19T15:00+0600
2026-07-19T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102491994_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b942ab62fc6a8bc77506a5069f198c92.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда орточо айлык бир жылда 10,4 миң сомго өстү. Мындай маалыматты Статистика боюнча улуттук комитет жарыялаган материалдан көрүүгө болот. Мекеме белгилегендей, быйыл январь – май айларында орточо эмгек акы 51,9 миң сомду түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 41,5 миң сом болгон.
Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык театр фестивалын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, фестиваль Бишкекти ШКУнун башкы маданий борборлорунун бирине айлантат.“Бул жөн гана сыйлык берилүүчү кезектеги сынак эмес. Биз кылымдарды карыткан улуттук салт менен заманбап жаңычылдык айкалышкан жандуу чыгармачыл аянтчаны түзөбүз. Бул долбоорду өзгөчө жана кызыктуу кылат. Бир сахнага классикалык опера, балет, куурчак театрлары жана жаштардын эксперименталдык спектаклдери чыгат. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлору менен актерлору биргелешип жаңы эл аралык спектаклдерди жаратышат. Долбоор театр сахнасы менен эле чектелбейт”, — деди Мамбеталиев. Ал кеңешменин катышуучуларын сунушту колдоп, мамлекеттердин маданий дипломатиясындагы жаңы баракты ачууга чакырды.
Ош шаарында 6 кабаттуу, 19 блоктон турган жаңы көп батирлүү үлүштүк турак үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалымдалгандай, долбоорду Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда. Жаңы турак үйдө жалпы 815 батир болот. Анын ичинде 1 бөлмөлүү – 246, 2 бөлмөлүү – 494, 3 бөлмөлүү – 75 батир каралган. “Үйдүн биринчи кабатында коммерциялык жайлар, ошондой эле балдар бакчасы жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул долбоор шаар тургундарынын турак жай маселесин чечүүгө жана Ошто ипотекалык курулушту өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Киевде кызматтан алынган коргоо министри Михаил Федеровду колдогон нааразылык акциялары Владимир Зеленскийди сындаган маанайга өтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Басылманын айтымында, акциянын катышуучулары Киев режиминин башчысына каршы жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алардын арасында кызматтан кетүүгө чакырган жана Зеленскийди Януковичке салыштырган жазуулар да бар. Жети миңге жакын адам катышкан акцияда айрымдар Зеленскийди “Украинаны жоготуучу” деп аташууда. Владимир Зеленский бул аптада өкмөттү кайрадан алмаштырууну чечкен. Жыйынтыгында Жогорку рада премьер-министр Юлия Свириденкону жана бүт өкмөттү, анын ичинде Федоровду кызматтан кетирди. Жогорку раданын депутаты Ярослав Железняктын айтымында, Зеленский Коргоо министрлигинин башчысын аскер комиссариаттарын реформалоо ишин үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган. Мындай чечимден кийин Киевде жана Украинанын башка шаарларында Федоровду колдогон жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийге каршы митингдер өтүүдө.
Кыргызстанда орточо айлык бир жылда 10,4 миң сомго өстү. Мындай маалыматты Статистика боюнча улуттук комитет жарыялаган материалдан көрүүгө болот. Мекеме белгилегендей, быйыл январь – май айларында орточо эмгек акы 51,9 миң сомду түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 41,5 миң сом болгон.Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык театр фестивалын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, фестиваль Бишкекти ШКУнун башкы маданий борборлорунун бирине айлантат.“Бул жөн гана сыйлык берилүүчү кезектеги сынак эмес. Биз кылымдарды карыткан улуттук салт менен заманбап жаңычылдык айкалышкан жандуу чыгармачыл аянтчаны түзөбүз. Бул долбоорду өзгөчө жана кызыктуу кылат. Бир сахнага классикалык опера, балет, куурчак театрлары жана жаштардын эксперименталдык спектаклдери чыгат. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлору менен актерлору биргелешип жаңы эл аралык спектаклдерди жаратышат. Долбоор театр сахнасы менен эле чектелбейт”, — деди Мамбеталиев. Ал кеңешменин катышуучуларын сунушту колдоп, мамлекеттердин маданий дипломатиясындагы жаңы баракты ачууга чакырды.Ош шаарында 6 кабаттуу, 19 блоктон турган жаңы көп батирлүү үлүштүк турак үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалымдалгандай, долбоорду Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда. Жаңы турак үйдө жалпы 815 батир болот. Анын ичинде 1 бөлмөлүү – 246, 2 бөлмөлүү – 494, 3 бөлмөлүү – 75 батир каралган. “Үйдүн биринчи кабатында коммерциялык жайлар, ошондой эле балдар бакчасы жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул долбоор шаар тургундарынын турак жай маселесин чечүүгө жана Ошто ипотекалык курулушту өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышкан.Киевде кызматтан алынган коргоо министри Михаил Федеровду колдогон нааразылык акциялары Владимир Зеленскийди сындаган маанайга өтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Басылманын айтымында, акциянын катышуучулары Киев режиминин башчысына каршы жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алардын арасында кызматтан кетүүгө чакырган жана Зеленскийди Януковичке салыштырган жазуулар да бар. Жети миңге жакын адам катышкан акцияда айрымдар Зеленскийди “Украинаны жоготуучу” деп аташууда. Владимир Зеленский бул аптада өкмөттү кайрадан алмаштырууну чечкен. Жыйынтыгында Жогорку рада премьер-министр Юлия Свириденкону жана бүт өкмөттү, анын ичинде Федоровду кызматтан кетирди. Жогорку раданын депутаты Ярослав Железняктын айтымында, Зеленский Коргоо министрлигинин башчысын аскер комиссариаттарын реформалоо ишин үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган. Мындай чечимден кийин Киевде жана Украинанын башка шаарларында Федоровду колдогон жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийге каршы митингдер өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102491994_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_539415e0b33c3a38fa5d732ca73bec91.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио