https://sputnik.kg/20260720/1102508277.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мекеме рынокко мониторинг жүргүзүп, баанын өсүшүн талдап жана түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Бул документтерге ылайык... 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T17:00+0600
2026-07-20T17:00+0600
2026-07-20T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102508111_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8d09bbbf5cd4aa22498b8f0fc5a493f4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мекеме рынокко мониторинг жүргүзүп, баанын өсүшүн талдап жана түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Бул документтерге ылайык, мунай заттарынын баасы сатып алуу наркы, логистикалык чыгым, башка объективдүү экономикалык себептер болгондо гана өзгөрүшү мүмкүн. “Бааны кармап туруу үчүн мамлекет күйүүчү май импорттоочуларга субсидия бөлүүдө. Мындай колдоо баанын кескин көтөрүлүп кетишин алдын алат”, — деп айтылат маалыматта. Кызмат бул чаралар Кыргызстанда күйүүчү май коңшу өлкөлөргө, анын ичинде баа жогорулап жаткан Россияга салыштырмалуу арзан бойдон калуусуна түрткү болуп жатканын белгиледи. Өткөн аптанын аягында АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 150 сомго, АИ-95тики 110 сомго чейин жеткен.
Россиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries кампаларына жасалган чабуулдан 20 жана 21 жаштагы эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жигиттер ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, учурда Электросталь шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Министрлик каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экени тууралуу расмий маалымат түшпөгөнүн айтты. Мындан сырткары, документтерин жоготуп алган эки кыргыз жаранына мекенине кайтып келүү үчүн күбөлүк берилген. Эске салсак, Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына 18-июлда дрондор менен чабуул жасалган. Соңку маалыматтарда Электросталдагы кампага жасалган чабуулдан жаракат алгандардын саны 61ге жеткени айтылды. Алардын тогузунун абалы оор дешти. Бир адам көз жумган. Котовск шаарында жети адам каза болуп, 32 адам жабыркаган.
Бишкекте автобус баланы тебелеп кеткен окуя боюнча мэриянын аткаминерлери жазаланды Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен эки жетекчи сөгүш алып, экөө кызматынан бошотулган. Алар төмөнкүлөр: Мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Транспорт департаментинин директору Улан Бейшенбаев катуу сөгүш алды Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков менен “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматынан кол жууду Эске салсак, 13-июлда 9 жашар бала мэриянын автобусу тебелеп кетип каза болгон. Кийин рулдагы айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылган болуп чыккан.
Тегеран АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды. Бул тууралу Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин РИА Новости жазды. "Сунуш түштү, азырынча мазмунун ачыктабай туралы", — деген ал брифингде. Дипломаттын айтымында, ортомчулар Тегеран менен Вашингтондун ушул айдын башында күчөп кеткен тирешүүсүнүн курчуп кетишине жол бербөө жаатында иштеп жатышат. Ал арада WP гезит америкалык аткаминерге таянып АКШ Иран менен толук кандуу согушка даярданып жатканын жазды. Регионго америкалык аскердик авиация жана май куйган учактар жөнөтүлүп жатканын WSJ билдирген. Эскерте кетсек, 8-июлга караган түнү АКШ Иран Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге чабуул жасады деген кине менен соккусун жанданткан. Тегеран муну жетишилген макулдашуулардын бузулушу деп кабылдап, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Каршылашуу жаңжалдын бүтүшүн шарттаган макулдашууга кол коюлгандан кийин үч күн өтүп кайра күчөп кетти.
Мекеме рынокко мониторинг жүргүзүп, баанын өсүшүн талдап жана түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Бул документтерге ылайык, мунай заттарынын баасы сатып алуу наркы, логистикалык чыгым, башка объективдүү экономикалык себептер болгондо гана өзгөрүшү мүмкүн. “Бааны кармап туруу үчүн мамлекет күйүүчү май импорттоочуларга субсидия бөлүүдө. Мындай колдоо баанын кескин көтөрүлүп кетишин алдын алат”, — деп айтылат маалыматта. Кызмат бул чаралар Кыргызстанда күйүүчү май коңшу өлкөлөргө, анын ичинде баа жогорулап жаткан Россияга салыштырмалуу арзан бойдон калуусуна түрткү болуп жатканын белгиледи. Өткөн аптанын аягында АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 150 сомго, АИ-95тики 110 сомго чейин жеткен.Россиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries кампаларына жасалган чабуулдан 20 жана 21 жаштагы эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жигиттер ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, учурда Электросталь шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Министрлик каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экени тууралуу расмий маалымат түшпөгөнүн айтты. Мындан сырткары, документтерин жоготуп алган эки кыргыз жаранына мекенине кайтып келүү үчүн күбөлүк берилген. Эске салсак, Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына 18-июлда дрондор менен чабуул жасалган. Соңку маалыматтарда Электросталдагы кампага жасалган чабуулдан жаракат алгандардын саны 61ге жеткени айтылды. Алардын тогузунун абалы оор дешти. Бир адам көз жумган. Котовск шаарында жети адам каза болуп, 32 адам жабыркаган.Бишкекте автобус баланы тебелеп кеткен окуя боюнча мэриянын аткаминерлери жазаланды Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен эки жетекчи сөгүш алып, экөө кызматынан бошотулган. Алар төмөнкүлөр: Мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Транспорт департаментинин директору Улан Бейшенбаев катуу сөгүш алды Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков менен “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматынан кол жууду Эске салсак, 13-июлда 9 жашар бала мэриянын автобусу тебелеп кетип каза болгон. Кийин рулдагы айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылган болуп чыккан. Тегеран АКШ менен атышууну токтотуу боюнча сунуш алды. Бул тууралу Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин РИА Новости жазды. "Сунуш түштү, азырынча мазмунун ачыктабай туралы", — деген ал брифингде. Дипломаттын айтымында, ортомчулар Тегеран менен Вашингтондун ушул айдын башында күчөп кеткен тирешүүсүнүн курчуп кетишине жол бербөө жаатында иштеп жатышат. Ал арада WP гезит америкалык аткаминерге таянып АКШ Иран менен толук кандуу согушка даярданып жатканын жазды. Регионго америкалык аскердик авиация жана май куйган учактар жөнөтүлүп жатканын WSJ билдирген. Эскерте кетсек, 8-июлга караган түнү АКШ Иран Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге чабуул жасады деген кине менен соккусун жанданткан. Тегеран муну жетишилген макулдашуулардын бузулушу деп кабылдап, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку уруп жатат. Каршылашуу жаңжалдын бүтүшүн шарттаган макулдашууга кол коюлгандан кийин үч күн өтүп кайра күчөп кетти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102508111_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f931fb1d40a307008bf9b5ec230883d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио