https://sputnik.kg/20260719/1102485458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жер мунапысына кире турган тилкелердин тизмеси кеңейтилди. Тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык... 19.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-19T08:59+0600
2026-07-19T08:59+0600
2026-07-19T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102485292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0e92d432048a937d27d0ad2e15b8d844.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жер мунапысына кире турган тилкелердин тизмеси кеңейтилди. Тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейин өз алдынча курулуп калган аймактардагы айрым жер тилкелерин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилет. Амнистияга курулушу бүтө элек үйлөр жана бош жаткан жерлер да кирет. Бирок мыйзамдаштыруу боюнча арыз 2025-жылдын 1-июлуна чейин берилген болушу керек. Бул иштер үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ал башаламан курулуштардагы бош жер тилкелерин мыйзамдаштыруу же мамлекетке алуу маселесин карайт Жер мунапысына кирген тилкелер жана аларга чектеш аймактар (жолдор, көчөлөр, тротуарлар жана башкалар) бекитилгенден кийин автоматтык түрдө "калктуу конуштардын жерлери" категориясына өтөт.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн виза тартибин жеңилдетүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысынын орун басары Пяо Янфань Sputnik агенттигине бул маселе Бишкекте өткөн Жаштардын туристтик форумунда каралганын билдирди. Анын айтымында, жакында туризм тармагына жооптуу мекемелердин жетекчилеринин жыйыны өтүп, анда жарандардын сапарларын жеңилдетүү маселеси каралган. "Биз бул багыттагы ишти улантып, жарандарыбыз үчүн саякаттоо шарттарын жеңилдетүүгө аракет кылабыз", — деди уюмдун баш катчысынын орун басары.
Чолпон-Атада жол коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддер өтүүдө Жайкы туристтик сезондун кызуу маалына байланыштуу Чолпон-Ата шаарында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, эс алуучулар менен автоунаалардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу инспекторлор жол кыймылын жөнгө салып, унааларды текшерүүдө. Рейд учурунда айдоочулардын документтери, унаалардын техникалык абалы жана жол эрежелеринин сакталышы көзөмөлгө алынууда.Мыйзам талаптарын одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, жарандар жол эрежелерин так сактоого чакырылууда.
АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады. Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган.
Өлкөдө жер мунапысына кире турган тилкелердин тизмеси кеңейтилди. Тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейин өз алдынча курулуп калган аймактардагы айрым жер тилкелерин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилет. Амнистияга курулушу бүтө элек үйлөр жана бош жаткан жерлер да кирет. Бирок мыйзамдаштыруу боюнча арыз 2025-жылдын 1-июлуна чейин берилген болушу керек. Бул иштер үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ал башаламан курулуштардагы бош жер тилкелерин мыйзамдаштыруу же мамлекетке алуу маселесин карайт Жер мунапысына кирген тилкелер жана аларга чектеш аймактар (жолдор, көчөлөр, тротуарлар жана башкалар) бекитилгенден кийин автоматтык түрдө "калктуу конуштардын жерлери" категориясына өтөт.Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн виза тартибин жеңилдетүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысынын орун басары Пяо Янфань Sputnik агенттигине бул маселе Бишкекте өткөн Жаштардын туристтик форумунда каралганын билдирди. Анын айтымында, жакында туризм тармагына жооптуу мекемелердин жетекчилеринин жыйыны өтүп, анда жарандардын сапарларын жеңилдетүү маселеси каралган. "Биз бул багыттагы ишти улантып, жарандарыбыз үчүн саякаттоо шарттарын жеңилдетүүгө аракет кылабыз", — деди уюмдун баш катчысынын орун басары. Чолпон-Атада жол коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддер өтүүдө Жайкы туристтик сезондун кызуу маалына байланыштуу Чолпон-Ата шаарында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, эс алуучулар менен автоунаалардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу инспекторлор жол кыймылын жөнгө салып, унааларды текшерүүдө. Рейд учурунда айдоочулардын документтери, унаалардын техникалык абалы жана жол эрежелеринин сакталышы көзөмөлгө алынууда.Мыйзам талаптарын одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, жарандар жол эрежелерин так сактоого чакырылууда.АКШ кайрадан Иранга сокку урду, жооп иретинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды бутага алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Маалыматка ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдар байкоо салган объектилерге, аскердик логистикалык инфраструктурага, курал-жарак сакталган жер алдындагы кампаларга жасалганын билдирди. Ал эми Иран жарандык объектилер талкаланып, жай тургундардын арасында каза болгондор, жарадарлар бар экенин маалымдады. Иран жооп катары Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракета жана дрондор менен сокку урганын жарыялады. Билдирүүгө ылайык, ок-дары кампалары, ангарлар жана күйүүчү май сактагычтары бутага алынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102485292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7533e8932130432a11b00cd9181f16f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио