00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
«СССР в энергетике заканчивается только сейчас»: эксперты — об энергодефиците и будущем кольца ЦА
08:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кадрлар, клиникалык базалар жана окутуу программалары: эмне үчүн 13 медициналык жогорку окуу жайы аккредитациядан өтпөй калды?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сентябрь айында өлкөдөгү ар бир судьянын ишмердиги бааланарын билдирди.Анын айтымында, судьялардын чыгарган чечимдеринин сапаты жана башка маанилүү көрсөткүчтөр талданат."Сот системасы тез өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Эгер талапка жооп бере албасаңар, арыз жазып, иштей турган адамдар үчүн орун бошоткула", — деди Сатыев Жогорку соттун жыйынында судьяларга кайрылып.Ошондой эле жыйында жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылып, сот системасындагы кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан элчинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча да ой бөлүшүп, төрага Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын парламентинин жаңы чакырылышы менен да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында сел коркунучу бардыгын эскертти. Маалыматка ылайык, 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жаткандыктан, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүү кооптуулугу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды аба ырайына байланыштуу маалыматтарга, кырдаалга көңүл бурууга жана кооптуу аймактарда этият болууга чакырды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынында 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын тааныштырды. Анын айтымында, көчмөндөр оюндары спорттук иш-чаралар менен гана чектелбестен, этно спортту, этно маданиятты, илимди жана салттуу билимдерди бириктирген “көчмөн цивилизациясынын олимпиадасына” айланды. Ал белгилегендей, оюндардын негизги максаты — байыркы салттар менен азыркы глобалдык процесстердин өз ара байланышын көрсөтүү. Маданий программа беш аянтчада өткөрүлөт. Алардын негизгиси Кырчын жайлоосунда уюштурула турган “Көчмөн ааламы. Жандуу мурас” этно шаарчасы болот.
Германиянын Россия менен диалогго болгон мамилеси кыйла конструктивдүү боло баштады. Бул тууралуу Times басылмасы жазды. Макалада белгиленгендей, Германиянын Россия менен сүйлөшүүлөргө карата мамилесинде "маанайдын өзгөрүшү" байкалган, бирок алака-катыштын жолдорун кайра калыбына келтирүүгө багытталган иштер жетиштүү деңгээлде жөнгө салына элек демилгелер боюнча жасалып келген. Германиядагы оппозициялык саясатчылар Москва менен диалогду кайра жандандыруу зарылдыгын бир нече жолу айтышкан. Маселен, "Германия үчүн альтернатива" партиясынын теңтөрайымы Алиса Вайдель канцлер Фридрих Мерцти Россия менен үзүлгөн байланыштарды, анын ичинде энергетикалык кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн аракет көрүүгө чакырган. Ушундай эле позицияны "Сара Вагенкнехт союзу — Акыл жана адилеттик үчүн" партиясынын лидери да билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0