https://sputnik.kg/20260719/1102490073.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 19-июлда, Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өтүп жатат.Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан... 19.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-19T12:59+0600
2026-07-19T12:59+0600
2026-07-19T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102489907_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6b33b42d2d635fb1075121a563ad2e7d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 19-июлда, Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өтүп жатат.Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Кытай, Иран, Беларусь жана Индия мамлекеттеринин маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышууда. Алар ШКУнун алкагында маданий кызматташуу бекемдөөнү, биргелешкен долбоорлорду жана эл аралык иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашмакчы.Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУ чөлкөмүндөгү маданият элди бириктирген эң негизги руханий көпүрө экенин белгиледи.“Глобалдык өзгөрүүлөр доорунда өз ара урматтоого жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн таанууга негизделген Шанхай руху гана биздин макроаймактагы туруктуулуктун, ишенимдин жана тынчтыкта жанаша жашоонун ишенимдүү кепили болуп саналат”, — деди Мамбеталиев. Министр Кыргызстан жакында эле ШКУ мамлекеттеринин ири медиафорумун өткөргөнүн.эске салды Иш- чара алдыңкы ЖМКлардын, маалымат агенттиктеринин жана санарип платформалардын башын бириктирген аянтча болгон."Фейк маалыматтарга биргеликте каршы туруунун пайдубалын, журналистиканын жаңы этикалык стандарттарын түптөп, бирдиктүү кесипкөй маалыматтык мейкиндик түзүүгө кадам жасай алдык", — деди Мамбеталиев.
Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет элдиктердин депортацияланганын билдирип, сүрөт, видео жарыялады.“Өлкө аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга алып келет”, — деп эскертти министрлик.Президент Садыр Жапаров буга чейин элдин сынына жооп берип жатып, жакында 100 чет өлкөлүк депортацияланарын билдирген. Ал "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбай турганын айткан. Ошондой эле мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын белгилеген.
Англия курамасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү оруну үчүн беттеште Францияны 6:4 эсебинде жеңип алды. Биринчи таймда англиялыктар төрт гол киргизип, тыныгууга 4:0 эсебиндеги артыкчылык менен чыгышкан. Экинчи таймда Франциянын футболчулары катары менен үч гол киргизүүгө жетишти. Бирок Англия бир нече оюнчусун алмаштыргандан кийин кайрадан эсепти көбөйттү. Жыйынтыгында беттеш 6:4 эсебинде аяктап, Англия тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын коло байгесин жеңип алды. Франция курамасынын лидери Килиан Мбаппе бул оюнда эки гол киргизип, “Алтын бутса” үчүн жарышта Лионель Мессиден эки топ алдыга озду. Месси бүгүн түндө Испанияга каршы финалдык беттешке чыгат.
Тегеран Вашингтон менен жаңжалды узартпоо боюнча меморандумдагы милдеттенмелерин аткарууну токтотконун Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды.Иран парламентинин спикери, АКШ менен диалогдогу ирандык сү
Бүгүн, 19-июлда, Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өтүп жатат.Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Кытай, Иран, Беларусь жана Индия мамлекеттеринин маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышууда. Алар ШКУнун алкагында маданий кызматташуу бекемдөөнү, биргелешкен долбоорлорду жана эл аралык иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашмакчы.Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУ чөлкөмүндөгү маданият элди бириктирген эң негизги руханий көпүрө экенин белгиледи.“Глобалдык өзгөрүүлөр доорунда өз ара урматтоого жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн таанууга негизделген Шанхай руху гана биздин макроаймактагы туруктуулуктун, ишенимдин жана тынчтыкта жанаша жашоонун ишенимдүү кепили болуп саналат”, — деди Мамбеталиев. Министр Кыргызстан жакында эле ШКУ мамлекеттеринин ири медиафорумун өткөргөнүн.эске салды Иш- чара алдыңкы ЖМКлардын, маалымат агенттиктеринин жана санарип платформалардын башын бириктирген аянтча болгон."Фейк маалыматтарга биргеликте каршы туруунун пайдубалын, журналистиканын жаңы этикалык стандарттарын түптөп, бирдиктүү кесипкөй маалыматтык мейкиндик түзүүгө кадам жасай алдык", — деди Мамбеталиев.Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет элдиктердин депортацияланганын билдирип, сүрөт, видео жарыялады.“Өлкө аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга алып келет”, — деп эскертти министрлик.Президент Садыр Жапаров буга чейин элдин сынына жооп берип жатып, жакында 100 чет өлкөлүк депортацияланарын билдирген. Ал "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбай турганын айткан. Ошондой эле мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын белгилеген.Англия курамасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү оруну үчүн беттеште Францияны 6:4 эсебинде жеңип алды. Биринчи таймда англиялыктар төрт гол киргизип, тыныгууга 4:0 эсебиндеги артыкчылык менен чыгышкан. Экинчи таймда Франциянын футболчулары катары менен үч гол киргизүүгө жетишти. Бирок Англия бир нече оюнчусун алмаштыргандан кийин кайрадан эсепти көбөйттү. Жыйынтыгында беттеш 6:4 эсебинде аяктап, Англия тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын коло байгесин жеңип алды. Франция курамасынын лидери Килиан Мбаппе бул оюнда эки гол киргизип, “Алтын бутса” үчүн жарышта Лионель Мессиден эки топ алдыга озду. Месси бүгүн түндө Испанияга каршы финалдык беттешке чыгат.Тегеран Вашингтон менен жаңжалды узартпоо боюнча меморандумдагы милдеттенмелерин аткарууну токтотконун Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды.Иран парламентинин спикери, АКШ менен диалогдогу ирандык сү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102489907_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1d14c29f4f9d214690e91b1e46768347.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио