https://sputnik.kg/20260720/1102496856.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык... 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T08:59+0600
2026-07-20T08:59+0600
2026-07-20T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102496690_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d545949b39d41cef5673a2548f18ab68.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.
Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет элдиктердин депортацияланганын билдирип, сүрөт, видео жарыялады.“Өлкө аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга алып келет”, — деп эскертти министрлик. Президент Садыр Жапаров буга чейин элдин сынына жооп берип жатып, жакында 100 чет өлкөлүк депортацияланарын билдирген. Ал "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбай турганын айткан. Ошондой эле мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын белгилеген.
Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык театр фестивалын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, фестиваль Бишкекти ШКУнун башкы маданий борборлорунун бирине айлантат. “Бул жөн гана сыйлык берилүүчү кезектеги сынак эмес. Биз кылымдарды карыткан улуттук салт менен заманбап жаңычылдык айкалышкан жандуу чыгармачыл аянтчаны түзөбүз. Бул долбоорду өзгөчө жана кызыктуу кылат. Бир сахнага классикалык опера, балет, куурчак театрлары жана жаштардын эксперименталдык спектаклдери чыгат. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлору менен актерлору биргелешип жаңы эл аралык спектаклдерди жаратышат. Долбоор театр сахнасы менен эле чектелбейт”, — деди Мамбеталиев. Ал кеңешменин катышуучуларын сунушту колдоп, мамлекеттердин маданий дипломатиясындагы жаңы баракты ачууга чакырды.
Кытайдын улуттук авиакомпаниясы Air China Кыргызстанга каттай баштайт. Компания Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча түз каттамдарды ачат. Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A321 учактары менен аткарылат. "Кыргызстандын аэропорттору" ААКнын маалыматы боюнча, Air China компаниясынын Кыргызстандын авиациялык рыногуна кириши өлкөнүн аба мейкиндиги үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Бул Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы авиакомпаниялар үчүн кызматташууга
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чет элдиктердин депортацияланганын билдирип, сүрөт, видео жарыялады.“Өлкө аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга алып келет”, — деп эскертти министрлик. Президент Садыр Жапаров буга чейин элдин сынына жооп берип жатып, жакында 100 чет өлкөлүк депортацияланарын билдирген. Ал "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбай турганын айткан. Ошондой эле мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын белгилеген.Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык театр фестивалын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, фестиваль Бишкекти ШКУнун башкы маданий борборлорунун бирине айлантат. “Бул жөн гана сыйлык берилүүчү кезектеги сынак эмес. Биз кылымдарды карыткан улуттук салт менен заманбап жаңычылдык айкалышкан жандуу чыгармачыл аянтчаны түзөбүз. Бул долбоорду өзгөчө жана кызыктуу кылат. Бир сахнага классикалык опера, балет, куурчак театрлары жана жаштардын эксперименталдык спектаклдери чыгат. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлору менен актерлору биргелешип жаңы эл аралык спектаклдерди жаратышат. Долбоор театр сахнасы менен эле чектелбейт”, — деди Мамбеталиев. Ал кеңешменин катышуучуларын сунушту колдоп, мамлекеттердин маданий дипломатиясындагы жаңы баракты ачууга чакырды.Кытайдын улуттук авиакомпаниясы Air China Кыргызстанга каттай баштайт. Компания Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча түз каттамдарды ачат. Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A321 учактары менен аткарылат. "Кыргызстандын аэропорттору" ААКнын маалыматы боюнча, Air China компаниясынын Кыргызстандын авиациялык рыногуна кириши өлкөнүн аба мейкиндиги үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Бул Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы авиакомпаниялар үчүн кызматташууга
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102496690_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_64d1e1c9a157b11c73f12ad3a9e5abfa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио