https://sputnik.kg/20260719/1102487667.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер... 19.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-19T11:00+0600
2026-07-19T11:00+0600
2026-07-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102487501_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_362aa3145ca636bd460b1ed3c37eaa72.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет. Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга чейин алып келет. ИИМ жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо — коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана өз ара урматтоонун негизи болуп саналарын баса белгилейт”,–деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйынына катышты. Жыйынды ачып жатып, Улан Маматканов туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо жана инновацияларды жайылтууда жаштардын маанилүү ролун баса белгиледи. Ал мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги факторлору катары жаштарда санариптик көндүмдөрдү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, медицина жана экология жаатындагы биргелешкен жаштар долбоорлорун жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, тоо экосистемаларын жана суу ресурстарын сактоого багытталган жаштардын экологиялык долбоорлорун жана ыктыярчылык программаларын өнүктүрүү боюнча демилгелер каралды. Ошондой эле, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган ШКУнун жаштардын экологиялык форумдарын Кыргыз Республикасында өткөрүү сунушталды.
Россиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган дрондордун чабуулунан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул 18-июль, Москва сааты боюнча 20:00гө карата Россиянын тиешелүү органдарынан алынган маалымат экенин өлкөнүн РФтеги элчилиги билдирди.Электросталга кол салуудан 21 жаштагы кыргызстандык Ж. уулу А. жеңил жаракат алып ооруканага жаткырылган, абалы канааттандырарлык.Мындан тышкары, буга чейин элчиликке аталган кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген кыргызстандык 21 жаштагы кыздын дайыны белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, ал эми телефону өчүп калганын билдирген.Дипломатиялык өкүлчүлүккө эвакуацияланып чыгууга үлгүргөн, бирок документтери менен буюмдары күйүп кеткен кыргызстандык эки жаран кайрылып, аларга мекенге кайтуу күбөлүгү таризделип берилген."Элчилик Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен байланышта, мекендештердин топтору жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу жабыркашы мүмкүн болгон жарандарды тактоо иштерин уланууда", — деп маалыматта айтылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет. Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга чейин алып келет. ИИМ жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо — коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана өз ара урматтоонун негизи болуп саналарын баса белгилейт”,–деп айтылат маалыматта.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйынына катышты. Жыйынды ачып жатып, Улан Маматканов туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо жана инновацияларды жайылтууда жаштардын маанилүү ролун баса белгиледи. Ал мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги факторлору катары жаштарда санариптик көндүмдөрдү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, медицина жана экология жаатындагы биргелешкен жаштар долбоорлорун жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, тоо экосистемаларын жана суу ресурстарын сактоого багытталган жаштардын экологиялык долбоорлорун жана ыктыярчылык программаларын өнүктүрүү боюнча демилгелер каралды. Ошондой эле, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган ШКУнун жаштардын экологиялык форумдарын Кыргыз Республикасында өткөрүү сунушталды.Россиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган дрондордун чабуулунан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул 18-июль, Москва сааты боюнча 20:00гө карата Россиянын тиешелүү органдарынан алынган маалымат экенин өлкөнүн РФтеги элчилиги билдирди.Электросталга кол салуудан 21 жаштагы кыргызстандык Ж. уулу А. жеңил жаракат алып ооруканага жаткырылган, абалы канааттандырарлык.Мындан тышкары, буга чейин элчиликке аталган кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген кыргызстандык 21 жаштагы кыздын дайыны белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, ал эми телефону өчүп калганын билдирген.Дипломатиялык өкүлчүлүккө эвакуацияланып чыгууга үлгүргөн, бирок документтери менен буюмдары күйүп кеткен кыргызстандык эки жаран кайрылып, аларга мекенге кайтуу күбөлүгү таризделип берилген."Элчилик Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен байланышта, мекендештердин топтору жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу жабыркашы мүмкүн болгон жарандарды тактоо иштерин уланууда", — деп маалыматта айтылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/13/1102487501_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_63edf57161fb81a0a6e26839058c4d47.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио