19:40 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Сүрөт

Көл менен тоолордун курчоосунда өткөн ЖККУ машыгуусунан 15 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
1585 0 0
  • Ысык-Көлдө үч күн бою Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн Рубеж-2021 машыгуусу өттү
  • Акыркы этап бүгүн Эдельвейс полигонунда болду
  • Аскер күчтөрүнүн машыгууларына ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин менен бир катар өлкөлөрдүн аскердик атташелери көз салып турушту.
  • Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да байкап турушту
  • Машыгууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенти менен ыкчам топтору, Кыргызстандын ИИМинин атайын багыттагы органдарынын бөлүктөрү, ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматы катышты
  • Машыгуунун катышуучулары террорго каршы биргелешкен операцияны иштеп чыгышты
  • Иш-чара ЖККУга мүчө-мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылууга даярдык көрүү максатында өткөрүлгөн
  • Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышты
  • Ага 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылды
  • Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы, Орлан-10 учкучсуз аппараты бар.
  • ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров аскерлер менен жетекчилердин даярдыгына канааттанганын билдирди
  • Коргоо министри Бактыбек Бекболотов биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө салым кошорун белгиледи
  • Иш-чаранын дагы бир максаты ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин тажрыйбасын арттыруу болду
  • Мындай машыгуулар ЖККУ аймагында байма-бай өткөрүлүп турат
  • Иш-чара машыгууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерин сыйлоо жана салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ысык-Көлдө үч күн бою Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу өттү

Ысык-Көлдө 7-9-август күндөрү ЖККУ күчтөрүнүн "Рубеж-2021" аталышындагы аскердик машыгуусу өттү. Акыркы этап бүгүн "Эдельвейс" полигонунда болду. Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы окуу-машыгууну тартканы барган.

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылды. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары, Ми-8 тик учагы жана "Орлан-10" учкучсуз аппараты бар.

Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрдү. Алар ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту жок кылган. Иш-чара дал ушул максатта өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланып, салтанаттуу жүрүш болгон.

Тема боюнча

Жогорку деңгээлде өттү! ЖККУнун аскердик машыгуусунун видеосу
Ысык-Көлдө ЖККУнун машыгуулары аяктап, иш-чара жыйынтыкталды. Сүрөт
Белгилер:
Ысык-Көл, ЖККУ, Аскер, машыгуу, сүрөт

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ