Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылды. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары, Ми-8 тик учагы жана "Орлан-10" учкучсуз аппараты бар.
Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрдү. Алар ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту жок кылган. Иш-чара дал ушул максатта өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланып, салтанаттуу жүрүш болгон.

Ысык-Көлдө үч күн бою Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу өттү

Акыркы этап бүгүн "Эдельвейс" полигонунда болду

Аскер күчтөрүнүн машыгууларына ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин менен бир катар өлкөлөрдүн аскердик атташелери көз салып турушту

Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да байкоо салды

Машыгууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенти менен ыкчам топтору, Кыргызстандын ИИМинин атайын багыттагы органдарынын бөлүктөрү, ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматы катышты

Машыгуунун катышуучулары террорго каршы биргелешкен операцияны иштеп чыгышты

Иш-чара ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылууга даярдык көрүү максатында өткөрүлгөн

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышты

Ага 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылды

Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы, "Орлан-10" учкучсуз аппараты бар

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров аскерлер менен жетекчилердин даярдыгына канааттанганын билдирди

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө салым кошорун белгиледи

Иш-чаранын дагы бир максаты — ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин тажрыйбасын арттыруу болду

Мындай машыгуулар ЖККУ аймагында байма-бай өткөрүлүп турат

Иш-чара машыгууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерин сыйлоо жана салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды