Буту сынган Макгрегордон тарта өлтүрүлгөн Гаити президентине чейин. Апта ирмеми

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү. БШК катышуу жыйынтыгы жокко чыгарылган апрелдеги добуш берүүлөргө салыштырмалуу жогору болгонун белгилейт.

Өткөн аптада Гаитинин президенти Жовенель Моизди резиденцияга жасалган кол салууда атып өлтүрүштү. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду. Кылмышка шектүү катары АКШнын бир нече жараны кармалган.

Финал Евро-2020. Италия — Англия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Голго да, автоголго да бай Евро-2020. Чемпионаттагы кызыктуу 10 факт
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындырып алды.

Италия футбол боюнча Европа биринчилигинин финалында Англияны утуп чемпион болду. Беттеш кызуу өтүп, негизги бөлүк жана экстра-тайм 1:1 эсеби менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы утушкан.

Ал арада футбол боюнча Аргентина курама командасы Америка кубогу мелдешинде Бразилияны 1:0 эсебинде утуп чемпион болду. Акыркы жолу Аргентина бул турнирди 1993-жылы уткан.

Япониянын Атами шаарында жер көчүп, 130 үй кыйрады. Бери дегенде 10 адам каза болгон, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUЯпониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.
Последствия сильных дождей в Японии - Sputnik Кыргызстан
1/20
Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.
© REUTERS / DIMITAR KYOSEMARLIEVГрециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган
Гроза в Неос Мармарас в Греция - Sputnik Кыргызстан
2/20
Грециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган
© REUTERS / ANDREW KELLYНью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши
Празднование дня независимости США - Sputnik Кыргызстан
3/20
Нью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши
© REUTERS / SOE ZEYA TUNЧукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.
Взрыв в химзаводе в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
4/20
Чукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.
© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМоскванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз
Девушка у витрины ГУМа - Sputnik Кыргызстан
5/20
Москванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз
© AFP / GIORGIO VIERAАКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.
Обрушение жилого дома во Флориде - Sputnik Кыргызстан
6/20
АКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.
© AP Photo / Rajesh Kumar SinghИндиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч) отурган фермер
Выращивание риса в Индии - Sputnik Кыргызстан
7/20
Индиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч) отурган фермер
© AFP / PHILIP FONGОлимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
Эстафета олимпийского огня в Токио - Sputnik Кыргызстан
8/20
Олимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
© AP Photo / Joseph OdelynГаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.
Убийство президента Гаити Жовенеля Моиза - Sputnik Кыргызстан
9/20
Гаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.
© AFP / NATALIA KOLESNIKOVAМосква мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези
Поступление в Государственное училище циркового и эстрадного искусства в Москве - Sputnik Кыргызстан
10/20
Москва мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези
© AFP / Fernanda Calfat / Getty ImagesФлоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.
Неделя пляжной моды — Miami Swim Week - Sputnik Кыргызстан
11/20
Флоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.
© AP Photo / Bruna PradoАргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.
Победа Аргентина на Кубке Америки по футболу - Sputnik Кыргызстан
12/20
Аргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.
© AP Photo / Joan MateuБарселонадагы (Испания) Cruilla музыкалык фестивалынан бир көрүнүш
Музыкальный фестиваль Cruilla в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
13/20
Барселонадагы (Испания) Cruilla музыкалык фестивалынан бир көрүнүш
© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКрым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз
Отдых на озере Сасык-Сиваш - Sputnik Кыргызстан
14/20
Крым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз
© AP Photo / Rajesh Kumar SinghИндиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши
Работа на рынке Праяградж в Индии - Sputnik Кыргызстан
15/20
Индиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши
© AP Photo / Noah BergerКалифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат
Лесные пожары в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
16/20
Калифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат
© AP Photo / Brynn AndersonМодель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында
74-й Каннский фестиваль - Sputnik Кыргызстан
17/20
Модель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында
© REUTERS / USA TODAY Sports/ Gary A. VasquezИрландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды
Турнир UFC 264 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
18/20
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү
Повторные выборы депутатов в БГК - Sputnik Кыргызстан
19/20
Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү
© AP Photo / Laurence GriffithsИталия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.
Финал Евро-2020. Италия — Англия - Sputnik Кыргызстан
20/20
Италия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0