Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Ушуну менен эки команда 14-жолу беттешти.
17-мүнөттө эсепти тажикстандык оюнчулар ачса, Тамерлан Темирбаевдин атаандашынын дарбазасына тепкен тобу 83-мүнөттө эсепти теңеди.
Ошентип командалар 1:1 эсебинде тең чыгышты.
Жалпы тайпалык эсепте Кыргызстан 7 упай менен экинчи орунда. Биринчи орунда 12 упай менен Япония. Ал эми Тажикстан болсо буга чейин 7 упай топтогон, бирок мелдештердеги айырмадан улап үчүнчү орунга татыды.

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттеш башталар алдында

Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин

Оюндун башында Кыргызстандын оюнчулары батыл чабуулга өттү

17-мүнөттө Тажикстандын оюнчулары эсепти ачып, 0:1 эсебинде алдыга чыгышты

КР курамасынын чабуулунан бир көрүнүш

Тажикстан курамасынын дарбазачысы командасын бир нече топтон куткарып калды

Кыргызстандык футболчу Алмордан Шукуров

КР курама командасы биринчи таймда бир гол киргенине карабай болгон күчү менен ойноду

Топ тоголок, качан гол кирерин билбейсиң

Топтун артынан чуркаган Валерий Кичин

Тажикстандын оюнчулары да кайра-кайра каршы чабуулга өтүүгө аракет кылышты

Оюндун жүрүшүндө Виктор Майерге сары айып кагазы берилди

Оюн маалында тажик оюнчуларына бир нече жолу медициналык жардам берилди

Кооптуу учурлардын бири

83-мүнөттө кыргызстандык оюнчулар эсепти теңеп, мелдеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.