01:02 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Флойд Мэйвезер менен Конор Макгрегор. Беттештен алынган укмуштуудай кадрлар

Кыскача шилтеме алуу
69521
  • Беттештин алдында АКШ менен Ирландиянын гимни жаңырды. Билеттердин кымбат болгондугуна карабастан эл жык-жыйма болду
  • Конор рингге өз өлкөсүнүн желеги менен чыкты. Ал Ирландиянын сыймыгы
  • Флойд Мэйвезер рингге экинчи болуп чыкты. Бул деген анын беттештеги фаворит экендигинен кабар берет
  • Конор беттештин башталышы менен дароо чабуулга өтсө, Флойд коргонуу тактикасы менен оюнду баштады
  • Анткен менен Конордун соккулары өз максатына жетпей жатты
  • Шоуну катыра жасаган Конор беттеш учурунда дагы Флойдду шылдыңдап, ачуусун келтирүүгө аракет кылып жатты
  • Беттештин башталышын коргонуу менен баштаган Флойд акырындык менен чабуулга өтө баштады
  • Анын ар бир экинчи соккусу максаттуу болуп, упай алып келди
  • UFC чемпиону Конор Макгрегор айрым учурда бокс болуп жатканын унутуп, атаандашынын арт жагына өтүп алып жатты
  • Эки чемпиондун кармашы оңой болгон жок
  • Конор бир ирет боксчуну белден ылдый уруп алды. Анткен менен калыс андан упай кемиткен жок
  • Кармаштын жүрүшү 9-раундга жеткенде демилге толугу менен Флойдго өттү
  • Флойддун соккуларынан кийин Конорго кыйла эле кыйын болуп жатты
  • Беттеш Флойддун пайдасына чечилип, аягында эки мушкер алакан алышты
  • Ошентип 1,5 килограмм алтын жана башка баалуу таштардан чегерилген кур Флойдго тагылды
  • Флойд Мэйвезер кармаштан кийин ушуну менен карьерасына чекит койгонун жар салды
© AP Photo / Eric Jamison
Беттештин алдында АКШ менен Ирландиянын гимни жаңырды. Билеттердин кымбат болгондугуна карабастан эл жык-жыйма болду

Бокс жылдызы Флойд Мэйвезер UFC чемпиону Конор Макгрегорду 10-раундда техникалык нокаут менен жеңип алды.

Оюндун башында Мэйвезер катуу чабуул жасабай коргонуу менен гана атаандашынын чарчап-чаалыгышын күтүп турду. Ал 8-раунддан кийин катуу аракетке, чабуулга өтө баштаган. Качан гана 10-раундга жеткенде Макгрегорду мушка алып, техникалык нокаут менен жеңип алды.

Дүйнө элинин бүйүрүн кызыткан беттеш бүгүн, 27-августта Лас-Вегаста өттү.

Ошентип Флойд Мэйвезер 50-беттешин жеңип, эс алууга кетти.

Тема боюнча

Мэйвезер Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип алды
Конор ким да, Флойд ким? Жаалданган мушкерлер тууралуу кызыктуу фактылар
Белгилер:
Флойд Мэйвезер, Конор Макгрегор

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ