Оюндун башында Мэйвезер катуу чабуул жасабай коргонуу менен гана атаандашынын чарчап-чаалыгышын күтүп турду. Ал 8-раунддан кийин катуу аракетке, чабуулга өтө баштаган. Качан гана 10-раундга жеткенде Макгрегорду мушка алып, техникалык нокаут менен жеңип алды.
Дүйнө элинин бүйүрүн кызыткан беттеш бүгүн, 27-августта Лас-Вегаста өттү.
Ошентип Флойд Мэйвезер 50-беттешин жеңип, эс алууга кетти.

Беттештин алдында АКШ менен Ирландиянын гимни жаңырды. Билеттердин кымбат болгондугуна карабастан эл жык-жыйма болду

Конор рингге өз өлкөсүнүн желеги менен чыкты. Ал Ирландиянын сыймыгы

Флойд Мэйвезер рингге экинчи болуп чыкты. Бул деген анын беттештеги фаворит экендигинен кабар берет

Конор беттештин башталышы менен дароо чабуулга өтсө, Флойд коргонуу тактикасы менен оюнду баштады

Анткен менен Конордун соккулары өз максатына жетпей жатты

Шоуну катыра жасаган Конор беттеш учурунда дагы Флойдду шылдыңдап, ачуусун келтирүүгө аракет кылып жатты

Беттештин башталышын коргонуу менен баштаган Флойд акырындык менен чабуулга өтө баштады

Анын ар бир экинчи соккусу максаттуу болуп, упай алып келди

UFC чемпиону Конор Макгрегор айрым учурда бокс болуп жатканын унутуп, атаандашынын арт жагына өтүп алып жатты

Эки чемпиондун кармашы оңой болгон жок

Конор бир ирет боксчуну белден ылдый уруп алды. Анткен менен калыс андан упай кемиткен жок

Кармаштын жүрүшү 9-раундга жеткенде демилге толугу менен Флойдго өттү

Флойддун соккуларынан кийин Конорго кыйла эле кыйын болуп жатты

Беттеш Флойддун пайдасына чечилип, аягында эки мушкер алакан алышты

Ошентип 1,5 килограмм алтын жана башка баалуу таштардан чегерилген кур Флойдго тагылды

Флойд Мэйвезер кармаштан кийин ушуну менен карьерасына чекит койгонун жар салды
