01:03 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Көрбөгөн адам арманда! Кыргыз тоолорундагы ак илбирс, сүлөсүн жана сейрек куштар

Кыскача шилтеме алуу
Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкектеги саммит (15)
439 0 0
  • Ананьево айылынын жанындагы тоолордо жапайы жаныбарлар үчүн NABU алдындагы реабилитациялык борбор ачылган
  • Борбордо Кунак, Алсу жана Колючка аттуу ак илбирстер жашайт. Алар браконьерлердин капканына түшүп, аз жерден контрабанда жолу менен чет өлкөгө жөнөтүлүп кете жаздаган
  • Ар бир илбирстин аты бар. Мисалы, бул жаныбардын аты Кунак. Ал 16 жашта. Борбордо 2002-жылдан бери жашап келет. Картайып калгандыктан угуусу начар
  • Бул Кунактын кызы. Ал тогуз жыл мурда туулган. Жаныбардын мүнөзү катаал болгондуктан, аты затына жараша Колючка деп коюлган. Багира аттуу апасы өлгөндөн кийин андан музей экспонаты жасалган
  • Үчүнчү ак илбирстин аты Алсу. Ал 16 жашта. Капканга түшкөндө алдыңкы сол бутунан ажыраган
  • Ар бир илбирс күнүгө үч килограмм эт жейт
  • Түзүлгөн жакшы шарттарга карабастан илбирстердин аңчылык туюму алсыраган эмес. Алар жанына келген жаныбарды өлтүрүп коет
  • Илбирстерге эшектин эти берилет. Тоонун чет жакасында алар үчүн атайын эшектер багылат
  • Борбордо илбирстерден сырткары сейрек кездешчү куштар дагы бар
  • Эгер жаныбар жаратылышта өз алдынча жашап кете алса, эркиндикке кое берилет
  • Реабилитациялык борбордон сүлөсүндү дагы кездештирүүгө болот
  • Акыркы үч жылдын ичинде борбордун кызматкерлери 40 жаныбарды сактап калган
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ананьево айылынын жанындагы тоолордо жапайы жаныбарлар үчүн NABU алдындагы реабилитациялык борбор ачылган

Ысык-Көлдүн тоолорунда жапайы жаныбарлар үчүн жалгыз реабилитациялык борбор иштейт. Аны адам баласынын колунан жабыркаган жандыктар байырлайт

Ак илбирс кантип жан багат? Кыргыз тоолорунан тартылган видео
© Sputnik / Эмиль Садыров , Акылбек Батырбеков
2002-жылы Ананьево айылынын жанындагы тоолордо жапайы жаныбарлар үчүн NABU реабилитациялык борбору ачылган. Акыркы үч жылдын ичинде эле мекеме 40 жырткычты сактап калганын борбордун жетекчиси Урланбек Сулайманов билдирди. Борбордо жаныбарлардын коопсуздугуна жооп берген беш адам кызмат кылат.

Жаныбарлар реабилитациялык мекемеге Кыргызстандын бардык бурчунан түшөт. Эгер жаныбарлар жапайы жаратылышта жашап кете ала турган болсо кое берилет, андай болбосо өмүр бою борборду байырлап калат. Мисалы Кунак, Алсу жана Колючка аттуу ак илбирстер браконьерлердин капканына түшүп, аз жерден контрабанда жолу менен чет өлкөгө жөнөтүлүп кете жаздаган.

Илбирстен сырткары, борбордо сүлөсүн менен сейрек куштар бар. 21-агустта борбордун кызматкерлери бир бүркүттү эркиндикке кое берди.

Тоо падышасы ак илбирс тууралуу бардык маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан алсаңыз болот>>

Тема:
Ак илбирсти сактоо боюнча Бишкектеги саммит (15)

Тема боюнча

Болсун! Кыргызстанда ак илбирстин тукуму көбөйүүдө
Бишкектин ортосунан орун алган ак илбирс. Сүрөттөр түрмөгү
Белгилер:
сүлөсүн, куш, ак илбирс, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ