Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЦИК зарегистрировала 18 кандидатов на должность Президента КР
ЦИК зарегистрировала 18 кандидатов на должность Президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ал ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Анын бөгөт коюу чарасы бүгүн, 16-сентябрда, тандалды. Ал сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүнө чейин, тагыраагы, ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу. 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Сурактан чыккан Сулайманов: саясий оюндар байкалат
Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0