00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:08
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
14:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Спилили любимый тополь - случайно или по науке? Фитопатолог о логике решений
16:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
Фатима Серазиева: “Анна Германдай ырдасам деп кыялданчумун”
17:09
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
19:10
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ташкент шаарында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары бул долбоор эки өлкө үчүн тең пайдалуу экенин, ал экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берерин белгилешти. Тараптар ГЭСти куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун беренелерин бир пикирге келип, кеңири талкуулады. Макулдашыла элек жоболор боюнча сүйлөшүүлөр улантылат. Кыргызстан үчүн аталган долбоор энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экени белгиленген. Жолугушууга байкоочу катары Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.
Баткенде сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов сел жүргөн Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы абалды чогуу көрүп чыгышты. Жетекчилер селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү, жарандардын турак жайларын калыбына келтирүү, ошондой эле аймактагы жол, таза суу, сугат суу жана электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү багытындагы иштер биргеликте, активдүү улантыларын белгилешти. Ошондой эле аймакты сел сууларынан коргоо боюнча пландалган долбоорлорду талкуулашты. Андан соң, жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп, сел кесепеттерин тактоо, келтирилген чыгымдарды аныктоо,сайлардын жээгин бекемдөө менен,селдин нугун тазалоо маселелери каралды.
Курулуш министрлиги аталган тармактагы бардык субъектилерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, ал эми мыйзам бузуулар болсо дароо билдирүү керектигин айтып, элге кайрылды. Имараттарды, объектилерди салып жатканда тиешелүү талаптар жана эрежелер бузулган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти. "Урматтуу жарандар! Эгер курулуш объектилериндеги мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин (0221) 328-256 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот", — деп министрликтен кайрылышты. Жакында эле көп кабат үй салып жаткан компанияга курулуштан чыккан таштандыны ыргытканы үчүн эскертүү берилди. Ал жерге барган Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери талаптар жана мыйзамдык ченемдер сакталбагандыгын аныктаган. Видео №4 шаардык ооруканага жакын жерде тартылган. Анын кесепетинен айланага чаң, кир тарап жатканын көрүүгө болот.
Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамптын Киев бийлигинин аракеттерине берген баасы окшош, себеби аны башкача баалоо кыйын. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал "Вести" маалымат ресурсунун автору Павел Зарубинге берген комментарийинде, Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөндө Киев бийлигинин жасап жаткан иштерине окшош пикирлерин билдиришкенин ырастады. "Алар окшош. Негизинен эле Киев бийлигинин иштерине башкача, ар кандай баа берилишин элестетүү кыйын", — деп белгиледи Песков. Шаршемби күнү Путин менен Трамп телефондон сүйлөштү. Бул Трамптын 2025-жылы президенттик кызматка киришкенден берки 12-сүйлөшүүсү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0