https://sputnik.kg/20260504/1101120641.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык. Эл өкүлү Укук бузуулар... 04.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-04T16:59+0600
2026-05-04T16:59+0600
2026-05-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/04/1101120474_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2e78b12db56960cb8b4cccac9be68613.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык. Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык: медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу; диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу. Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган. Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган.
Борбор калаада 16-майда 500дөн ашык адамдын тынч митингге чыгышы пландалып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев айты. Акциянын төркүнү — баңгизат боюнча соттолгон жаштардын жазасы. Максим Горький сейил багындагы акцияга балдары жалаага кабылып айыпталды делген ата-энелер катышары айтылды. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери тууралуу болуп жатат. "Соттолгондордун арасында күнөөлүүлөр бар, бирок ата-энелер айрым жаштар негизсиз айыпталып калганын айтышууда. Алардын бири беш жылга эркинен ажыратылган, дагы бири учурда СИЗОдо кармалып жатат", — деди эл өкүлү. Жороевдин айтымында, 10 миң доллардан 2 миллион сомго чейин сураган учурлар кездешип жатканын кошумчалады. Эл өкүлү санаган беренелер оор жана өтө оор категориядагылар.Алар зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жана ыплас аракеттер. Ырайым демекчи, жылдын башында президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу жоопкерчиликке тартылгандардын ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алган. Жолугушууга келгендер мамлекеттин кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүшкөн. Мамлекет башчысы биринчи жолу кылмыш жасаган адамдарды, эгерде негиздер болсо жана мыйзамда белгиленген тартиптер сакталса, айрым учурларда ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин баса белгилеген.
9-май — Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында Кыргызстан менен Россиянын өнөрпоздору катышкан чоң программадагы концерт тартууланат. Ысык-Көлгө россиялык "Любэ", "Блестящие" топтору жана белгилүү ырчы Николай Басков келип ырдаары айтылды. Иш-чараны "Евразия" уюму менен мэрия биргеликте уюштурууда.
Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык. Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык: медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу; диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу. Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган. Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган. Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган. Борбор калаада 16-майда 500дөн ашык адамдын тынч митингге чыгышы пландалып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев айты. Акциянын төркүнү — баңгизат боюнча соттолгон жаштардын жазасы. Максим Горький сейил багындагы акцияга балдары жалаага кабылып айыпталды делген ата-энелер катышары айтылды. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери тууралуу болуп жатат. "Соттолгондордун арасында күнөөлүүлөр бар, бирок ата-энелер айрым жаштар негизсиз айыпталып калганын айтышууда. Алардын бири беш жылга эркинен ажыратылган, дагы бири учурда СИЗОдо кармалып жатат", — деди эл өкүлү. Жороевдин айтымында, 10 миң доллардан 2 миллион сомго чейин сураган учурлар кездешип жатканын кошумчалады. Эл өкүлү санаган беренелер оор жана өтө оор категориядагылар.Алар зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жана ыплас аракеттер. Ырайым демекчи, жылдын башында президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу жоопкерчиликке тартылгандардын ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алган. Жолугушууга келгендер мамлекеттин кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүшкөн. Мамлекет башчысы биринчи жолу кылмыш жасаган адамдарды, эгерде негиздер болсо жана мыйзамда белгиленген тартиптер сакталса, айрым учурларда ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин баса белгилеген.9-май — Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында Кыргызстан менен Россиянын өнөрпоздору катышкан чоң программадагы концерт тартууланат. Ысык-Көлгө россиялык "Любэ", "Блестящие" топтору жана белгилүү ырчы Николай Басков келип ырдаары айтылды. Иш-чараны "Евразия" уюму менен мэрия биргеликте уюштурууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/04/1101120474_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_274903ed9d704a1f571908f8b5f48b55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио