https://sputnik.kg/20260505/1101127695.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Арыбаңыздар ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алдыда биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок... 05.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-05T11:00+0600
2026-05-05T11:00+0600
2026-05-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101127529_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c9228622e2f3c6609c6e14bdb482d66b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Арыбаңыздар ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алдыда биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды Кыргыз форелине чет өлкөдө суроо-талап өсүп жатат Конституцияга улуттун келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Алдыда кененирээк...
Конституцияга улуттун келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктадыАл ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекет түзүлгөнүн айтты. Бүгүн, 5-майда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду. Президент жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституция заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарды кошо алып жүрүүнү шарттай турганын эске салды. Жапаров Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калганын, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилгенин белгилеген. “Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел”, — деген президент. Конституциянын жоболоруна жана элдин кеменгерлигине таянуу менен көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн, жаңы Кыргызстанды кура алабыз деген ишенимин билдирген.
Чет өлкөлөрдө кыргыз форелине болгон суроо-талап өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, 2025-жылы балык экспорту 85-90 пайызга чейин кыскарган. Бирок быйылкы жылдын январь-февраль айларында абал өзгөрүп, тоңдурулган балыктын экспорту 5 эсе, ал эми муздатылган балык 3 эсе жогорулады. Жалпысынан 75 тонна продукция чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Анын баары ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстанга экспорттолду.
Ош шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушуна даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Иштерди бүгүн шаар мэри Жанар Акаев көрүп чыккан. Курулушту кытай компаниясы ишке ашырат. "Аталган долбоордун алкагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат. Бул ыкма таштандыны энергетикалык ресурс катары пайдаланууга мүмкүндүк берип, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыйла азайтат", — деп айтылат маалыматта. Ош шаарында жыл сайын орто эсеп менен 252 миң тонна таштанды чыгат. Мурда ал ачык полигондордо сакталса, эми заманбап технологиялардын жардамы менен кайра иштетилип, экологиялык коопсуздук жогорулайт. Биринчи этапта суткасына 850 тоннага чейин таштанды иштетүү мүмкүнчүлүгү каралып, саатына 30 МВт электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Аны Энергетика министрлигинин сатып алышы каралып жатат. Заводдун курулушуна Кытай тараптан жалпы 95 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат.
Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды Россия совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин урматына 8-9-майга Украина менен убактылуу элдеше турганын жарыялады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Ведомство Киев да бул кадамды колдойт деп ишеним артууда. Деген менен Владимир Зеленскийдин дал ушул 9-Май күнү Москвага сокку уруу тууралуу сөзү да көз жаздымда калган жок. Министрлик Россия майрам маалындагы коопсуздукту сактоо үчүн бардык керектүү чараларды көрөрүн, болбосо Киевге катуу чабуул жасаларын белгиледи.
Арыбаңыздар ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алдыда биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды Кыргыз форелине чет өлкөдө суроо-талап өсүп жатат Конституцияга улуттун келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Алдыда кененирээк...Конституцияга улуттун келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктадыАл ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекет түзүлгөнүн айтты. Бүгүн, 5-майда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду. Президент жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституция заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарды кошо алып жүрүүнү шарттай турганын эске салды. Жапаров Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калганын, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилгенин белгилеген. “Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел”, — деген президент. Конституциянын жоболоруна жана элдин кеменгерлигине таянуу менен көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн, жаңы Кыргызстанды кура алабыз деген ишенимин билдирген.Чет өлкөлөрдө кыргыз форелине болгон суроо-талап өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, 2025-жылы балык экспорту 85-90 пайызга чейин кыскарган. Бирок быйылкы жылдын январь-февраль айларында абал өзгөрүп, тоңдурулган балыктын экспорту 5 эсе, ал эми муздатылган балык 3 эсе жогорулады. Жалпысынан 75 тонна продукция чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Анын баары ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстанга экспорттолду.Ош шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушуна даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Иштерди бүгүн шаар мэри Жанар Акаев көрүп чыккан. Курулушту кытай компаниясы ишке ашырат. "Аталган долбоордун алкагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат. Бул ыкма таштандыны энергетикалык ресурс катары пайдаланууга мүмкүндүк берип, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыйла азайтат", — деп айтылат маалыматта. Ош шаарында жыл сайын орто эсеп менен 252 миң тонна таштанды чыгат. Мурда ал ачык полигондордо сакталса, эми заманбап технологиялардын жардамы менен кайра иштетилип, экологиялык коопсуздук жогорулайт. Биринчи этапта суткасына 850 тоннага чейин таштанды иштетүү мүмкүнчүлүгү каралып, саатына 30 МВт электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Аны Энергетика министрлигинин сатып алышы каралып жатат. Заводдун курулушуна Кытай тараптан жалпы 95 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат. Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды Россия совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин урматына 8-9-майга Украина менен убактылуу элдеше турганын жарыялады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Ведомство Киев да бул кадамды колдойт деп ишеним артууда. Деген менен Владимир Зеленскийдин дал ушул 9-Май күнү Москвага сокку уруу тууралуу сөзү да көз жаздымда калган жок. Министрлик Россия майрам маалындагы коопсуздукту сактоо үчүн бардык керектүү чараларды көрөрүн, болбосо Киевге катуу чабуул жасаларын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101127529_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e7cd5ace84bbc8e51e2f476ba6d14f91.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио