https://sputnik.kg/20260505/1101125976.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты. Энергетика... 05.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-05T08:59+0600
2026-05-05T08:59+0600
2026-05-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101125810_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6855368819a7f9686654e2ff111d86ce.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ханджоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму өтүп, 150дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Анда Кыргызстандын энергетика тармагындагы келечектүү ири долбоорлор, кыргыз энергетикасынын потенциялы тууралуу презентация тартууланып, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүүгө, кызматташуунун алдыдагы келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жолугушуунун алкагында кытай компанияларынын жана соода-өнөр жай өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга кызыктар экенин билдиришип, бир катар суроолорду узатышты. Өз кезинде энергетика министри Таалайбек Ибраев алардын ар бир суроосуна жана сунушуна так жана жеткиликтүү жооп узатып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап инвесторлор менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирди.
“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча атайын акциялык кампания башталганын билдирди. Маалым болгондой, 1-майдан тарта жүргүнчүлөр үчүн бир тарапка 1000 сом өлчөмүндөгү туруктуу тариф киргизилет. Бул борбор менен Нарын облусунун ортосундагы аба каттамдарын кыйла жеткиликтүү кылат. Ошондой эле бул демилге аймактар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана алыскы региондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Акция 2026-жылдын 31-июлуна чейин уланат.
6-майга чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактап, тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө сунушталат. “Жогоруда аталган күндөрү тоолуу райондордо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”,-деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик салык кызматы жарандарды алдамчылык фактылары көбөйгөнүнө байланыштуу сак болууга чакырды. Акыркы учурда белгисиз адамдар салык органдарынын атынан жасалма билдирүүлөрдү таратып, акча талап кылууда. Ведомство расмий билдирүүлөр почта же “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу гана жөнөтүлөрүн, ал эми мессенджерлерде мындай маалыматтар
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ханджоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму өтүп, 150дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Анда Кыргызстандын энергетика тармагындагы келечектүү ири долбоорлор, кыргыз энергетикасынын потенциялы тууралуу презентация тартууланып, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүүгө, кызматташуунун алдыдагы келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жолугушуунун алкагында кытай компанияларынын жана соода-өнөр жай өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга кызыктар экенин билдиришип, бир катар суроолорду узатышты. Өз кезинде энергетика министри Таалайбек Ибраев алардын ар бир суроосуна жана сунушуна так жана жеткиликтүү жооп узатып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап инвесторлор менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирди. “Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча атайын акциялык кампания башталганын билдирди. Маалым болгондой, 1-майдан тарта жүргүнчүлөр үчүн бир тарапка 1000 сом өлчөмүндөгү туруктуу тариф киргизилет. Бул борбор менен Нарын облусунун ортосундагы аба каттамдарын кыйла жеткиликтүү кылат. Ошондой эле бул демилге аймактар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана алыскы региондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Акция 2026-жылдын 31-июлуна чейин уланат. 6-майга чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактап, тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө сунушталат. “Жогоруда аталган күндөрү тоолуу райондордо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол- Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”,-деп айтылат маалыматта.Мамлекеттик салык кызматы жарандарды алдамчылык фактылары көбөйгөнүнө байланыштуу сак болууга чакырды. Акыркы учурда белгисиз адамдар салык органдарынын атынан жасалма билдирүүлөрдү таратып, акча талап кылууда. Ведомство расмий билдирүүлөр почта же “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу гана жөнөтүлөрүн, ал эми мессенджерлерде мындай маалыматтар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101125810_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fcfb1af84c49124f93f7a4e595057b88.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио