Бишкекте эртең менен чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү эки бригада күрөшкөн. ӨКМ жаракат алган адамдар болбогондугун кабарлады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында турак жайдан чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн эртең менен саат 8:30дар чамасында Горький көчөсүндөгү үй күйгөн. Маалымат түшөрү менен эки бригада биринин артынан бири чыгып жөнөп кеткен.

Жалын толугу менен саат 10:16да өчүрүлгөн. ӨКМ жаракат алган адамдар болбогондугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0