Бишкектин Горький көчөсүндө үй өрттөнүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкери Бишкектеги өрттү өчүрүүдө. Архив
ӨКМ кызматкери Бишкектеги өрттү өчүрүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоонун эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Алгач ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада, андан соң экинчиси жөнөп кетти.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп жаткандыгы туурасында ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо тууралуу кабардан соң саат 08:32де өрт өчүрүүчү бир бригада, андан соң 09:08де экинчиси жөнөп кетти.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы белгисиз. ӨКМ ал тууралуу бир аздан кийин маалымдай тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0