https://sputnik.kg/20200914/kara-suuda-sot-para-menen-karmaldy-1049609658.html
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Ж.З. аттуу жаран кайрылып, райондук соттун төрагасы пара сураганын айткан. 14.09.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-09-14T12:18+0600
2020-09-14T12:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101384/07/1013840760_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_f58bfbb9343485c756679c39a64cb1df.jpg
кара-суу району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101384/07/1013840760_408:0:5763:4016_1920x0_80_0_0_fce3ed12d5f419d92575a9f8f0b90601.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, кара-суу району, укмк
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, кара-суу району, укмк
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт
12:18 14.09.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Ж.З. аттуу жаран кайрылып, райондук соттун төрагасы пара сураганын айткан.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 11-сентябрда Ж.З. аттуу жаран кайрылган. Анын арызынын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Финпол: опузалап акча талап кылды делген УКМК кызматкери кармалды
"Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча Ж.З. аттуу жарандан пара талап кылганы такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 14-сентябрь күнү А.Ж.С. акчаны алып жаткан учурунда колго түшүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК райондук соттун төрагасы канча суммада пара талап кылганын айткан жок. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.