Финпол: опузалап акча талап кылды делген УКМК кызматкери кармалды

© AFP / RONNY HARTMANNКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адам Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кармалган УКМК кызматкеринин чоо-жайын айтты.

Буга чейин өздүк булактар опузалап пара талап кылган УКМКнын эки кызматкери кармалганы тууралуу кабарлашкан. Маалым болгондой, алар өздөрүн Финпол кызматкерлери катары тааныштырышкан.

"4-сентябрь күнү Финпол өкүлдөрү УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында УКМК кызматкерин колго түшүрдү",— деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0