00:17 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы (8)
1599501

Болжолдуу маалыматтар боюнча, ырчы кыз кечээ Бишкекте Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан кырсыкта жабыркаганы айтылууда.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда эсине келе албай ооруканада жатат. Бул туурасында Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 26-июнда, 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен биринчи автокөлүктөн бир, экинчи автоунаадан эки кишинин жабыркаганы айтылган. Айрым ЖМКлар ырчы ушул кырсыкта жабыркаган деп жазышууда.

Жумабековдун айтымында, ырчы Кадырбекова жогорудагы эки унаанын катышуусундагы кырсыктан жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Катуу сүзүптүр! Ырчы Асел Кадырбекова кабылган кырсыктын видеосу чыкты

"Абалы оор, комада жатат. Мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен. Дарыгерлер түнү бою өмүрү менен алышты. Дагы деле эсине келе элек. Томография, рентгендерди жасадык. Убакыт керек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Комадан чыгып кетсе операция жасалат", — деди дарыгер.

Жумабеков экинчи унаадагы бир киши дагы ооруканада жатканын кошумчалады. Анын баш мээси чайкалган, абалы туруктуу.

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир атактуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы (8)

Тема боюнча

Тез жардамдын жарыгы күйүп-жанып келе жаткан. Мэрия жол кырсык боюнча билдирди
Белгилер:
кома, унаа, жол кырсык, ырчы, Асел Кадырбекова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ