01:21 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы (8)
6779 0 0

Ырчы кечээ Бишкекте Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) унаасы менен кагышкан. Учурда эсине келе албай ооруканада жатат. Дарыгерлер ал комадан чыккандан кийин операция жасаларын айтышты.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылган учурдун видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Эске сала кетсек, ырчы кечээ, 26-июнда, 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry унаасы менен баратканда Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey унаасы менен кагышкан.

Кадырбекова оор абалда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Ортопед Сабырбек Жумабеков ал комада жатканын айтып, мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин билдирди. Эсине келгенде операция жасалары айтылды.

Бишкекте Toyota менен күзөт кызматынын автоунаасы кагышты. Видео

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир белгилүү ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы (8)

Тема боюнча

Кадырбекова Асел Кадырбековна — өмүр баяны
Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова комада жатат
Белгилер:
жол кырсык, видео, ырчы, Асел Кадырбекова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ