Никитенко: 16 жаштагы кызды зордуктады деген "Казак" үй камагына чыгып кетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на журналистов
Случаи нападения на журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын билдиришинче, шектүүнү кармаган укук коргоо органдарына уюшкан кылмыштуу топ тарабынан кысым жасалган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Депутат Наталья Никитенко Ошто өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кармалган "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыгарылганын сынга алды.

Эл өкүлү аталган кишинин дагы башка бир нече кылмышка шектелип кармалганын белгилеп өттү. 

"Ушунча кылмыш жасап, 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамды кантип үй камагына чыгарып жиберишти?! Ошондой эле аны кармаган ыкчам топко уюшкан кылмыштуу топ тарабынан басым жасалган деген маалымат келди мага. Жогорку сот ушул ишти карап, чечим чыгарган судьянын жоопкерчилигин карашы керек. Криминал менен күрөштү баштоонун убагы келди. Алардын баш көтөрүшүнө жол бербешибиз керек", — деди Никитенко.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери жеткиликтүү деңгээлде жасалбай жатат деп өкмөттү сынга алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0