Солтон-Сарыдагы чыр: Нарынга Бишкектен кошумча күч тартылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүУчения отряда специального назначения "Омега" и сводного отряда ГСИН
Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясынын ишине нааразы болгон эл Кара-Чий айылында жолдун жээгине боз үй тигип жатканы айтылган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Нарын районунун Кара-Чий айылынын тушунда 300гө жакын киши чогулуп турат. Алар бийлик Солтон-Сары боюнча элдин талабын укпай жатканын айтышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын облустук милициясынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Буга чейин Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясынын ишине нааразы болгон эл Кара-Чий айылында жолдун жээгине боз үй тигип жатканы айтылган.

Анын айтымында, ушул тапта облустук милициянын жетекчилиги жеринде жүрүшөт. Андан сырткары коомдук коопсуздукту сактоо үчүн Бишкектен да милиция кызматкерлери чакыртылган.

"Жеринде болжол менен 300дөй киши бар. Алардын баары жергиликтүү тургундар. Биздин милиция кызматкерлери жеринде кызмат өтөп жатышат. Бишкектен дагы кошумча күч тартылды", — деди ал.

Эсенгулова андан сырткары азыр абал тынч, туруктуу экенин, бирок ага карабастан милиция кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле чогулган эл жолду тоспогонун айтты.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Солтон-Сарыдагы акыркы чыр эмнеден чыкканын айтты
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн уккан. Жолугушууда чогулган эл бийликке талап коюп, өкмөт башчы менен спикер үч күндүн ичинде келип көйгөйдү жеринен чечип берүүсүн талап кылышкан.

6-август күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон. Кытай компаниясы бир айга чейин ишин убактылуу токтоткон.

Азыркы тапта кырдаал туруктуу экенин, ал эми компания ишин токтотконун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0