БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы турак үйдөн чыккан өрт чектелгендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМден билдиришти.
Сеченов көчөсүндөгү тилсиз жоо тууралуу маалымат 18:22де түшкөн.
Кырсык менен күрөшүүгө беш бригада, ӨКМдин ыкчам тобу менен беш куткаруучу тартылган.
Кырсык менен күрөшүүгө беш бригада, ӨКМдин ыкчам тобу менен беш куткаруучу тартылган.
Өрт кечки саат 20:14тө чектөөгө алынган.
ӨКМден тилсиз жоонун андан ары жайылбай тургандыгын жана толук өчүрүү үчүн адистер иштеп жаткандыгын айтышты.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген эмес.