Бакиевдер өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен 4,6 млн. доллар кайтарылат

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүПресс-конференция Курманбека Бакиева в Минске
Пресс-конференция Курманбека Бакиева в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайтарыла турчу каражат сот имараттарында видеого тарта турчу жабдыктарды орнотууга, элет жерин таза суу менен камсыздоого жана саламаттыкты сактоо жаатына керектүү буюм-тайымдарды алууга жумшалат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режими жана анын баласы Максим Бакиев учурунда мамлекеттик мүлктү-талап тоноо жана коррупциялык жол менен чыгарып кеткен каражаттарды Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча аракеттер башталды. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс билдирди.

Уэллс КР Финансы министрлигинде болгон жыйында учурда 6 миллион доллардын 4,6 миллиону конфискациялоо боюнча буйрукка ылайык кайтарып алынып, Кыргызстанга берилерин белгиледи.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева бул акчалар чындап эле мамлекеттен мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жана америкалык кесиптештердин жардамы менен мыйзамдуу түрдө кайтарып алууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ал акчалар сот имараттарында видеого тарта турчу жабдыктарды орнотууга, элет жерин таза суу менен камсыздоого жана саламаттыкты сактоо жаатына керектүү буюм-тайымдарды алууга жумшаларын айтты.

"Бул акчалардын колдонулушу ачык-айкын болот жана аларды пайдаланууда болушунча майнаптуу натыйжа алуу үчүн бардык иш-аракеттер жумшалат", — деди министр.

Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдерге таандык мүлктүн сатылышын комиссия дагы жарым жыл иликтейт
Өз кезегинде Элис Уэллс АКШ кыргыз элине таандык болгон акча каражаттарды кайтарып берүүдө кыргыз өкмөтү менен кызматташып жатканына сыймыктанарын билдирди.

"Андан сырткары, өлкөнүн өнүгүшүнө бөлүнгөн каражаттарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн уурдаган аткаминерлерге жол бербейбиз деген билдирүүнү жөнөтүп жатабыз", — деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында уурдалган каражаттарды кайтарып берүү үчүн атайын келишимге кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0