Соттолгон өгөй ата "кыздарын" зордуктап келген. Августтагы криминалдык окуялар

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм кызды ийининен кармап турган адам. Архив
Өспүрүм кызды ийининен кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки кызды өгөй атасы алгач зордуктап, кийин алар менен узак убакыт жыныстык катнашта болгон. Муну териштирүү маалында дарыгерлер да тастыктаган. Сотто шектелген адам кылганын мойнуна албай, укук коргоо кызматкерлери кыйноого алып көрсөтмө бердиргендигин айткан. Эми ал өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги август айындагы төб- чачты тик тургузган кылмыш иштерин сунуштайт.

Өлгөндөн кийин зордуктап. Мас болгон 26 жана 33 жаштагы эки киши түндө бир келинди эл жок жерге алып барып сабап өлтүрүп, андан соң  зордуктап, уюлдук телефонун алып талаага таштап кетишкен. Иликтөө маалында шектүүлөр маркумду тааныбай тургандыгын айтып, тергөөдө милиционерлер алардын башына желим баштык кийгизип, кылмышты мойнуна алдыргандыгын саймедирешкен. Бирок каза болгон келин менен дүкөндө чогуу жүргөнү видеокамерага түшүп калган. Ошондуктан сот аларга буга чейин чыккан чечимин күчүндө калтырып, аларды 15 жылга темир тор артында калтырды.

Бои за город Шахтерск Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн түндүгүн түшүрүү. XXI кылымдагы президенттерге кол салуулар
Өкүнүчтүү достук. Россияда чогуу иштеп көптөн бери тааныш болгон эки достун ортосунда акчанын айынан уруш чыккан. Бири экинчисин бычак менен далыга сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Айыпталуучу тергөө маалында шеригин өлтүрүүгө ниети жок болгондугун, ачууга алдырып жибергендигин айтат. Бычак жеген жигит ооруканада жатканда үйүнөн 14 миң сомдук фотоаппарат, 9000 сомго бааланган уюлдук телефон жоголгондугун да билип калып, досунун жасаганын кечирбей тургандыгын билдирген. Сот айыпкерди 16 жылга кести.

Дарыгерди сабаган эргул… Соттолуучу кош бойлуу келинчеги менен УЗИге барып, ал жактан кошумча анализ тапшыруу керек экендигин билет. Үй ээси дарыгерге чалып, процедураларды эрте айтпаганына доомат артып, айтор кер-мур айтыша кеткен. Кызуу кандуу күйөө ооруканага келип медкызматкерди бир нече жолу муштап жибергени айтылат. Жабырлануучу ал үчүн чоң муштумдан 110 миң сом өндүрүп берүүнү суранган. Эркек бир жылга шарттуу кесилип, кошумча  16 миң сом айып салынды.

Кандуу 8-март. Жаз майрамын белгилеп досторкон үстүндө ортурган жубайлар уруша кетет да келинчеги жолдошун бычак менен сайып жиберген. Шектүүнүн айтымында, ага кол салганда коргоонууга аргасыз болгон. Оор жаракат алганына карабай эркек аман калган. Келин сегиз жылга соттолду. Ами анын кичинекей уулу апасыз күн өткөрөт.

Сот залындагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: ымыркайын тумчуктуруп өлтүрмөк болгон келин 12,5 жылга кесилди
Өлтүргүм келсе бычак менен саймакмын. Эки дос тааныштары менен арак ичип отуруп жөнөкөй эле бир маселенин айынан мушташа кетишкен. Ошол маалда алардын бири ашкана айрысы менен шеригин төшкө сайып жибергенге үлгүргөн. Жаракат оор болуп, ооруканага жеткирилген. Сот отурумунда шектүү "эгер өлтүрүүнү кааласам бычак менен эле саймакмын" деп актанган. Жаш жигит үч жылга шарттуу кесилди.

Зөөкүр өгөй ата. Эки кыздын апасы турмушка чыгып жаңы күйөөсү менен түтүн булата баштаган. Анда өгөй атасы алгач кыздарга жакшы мамиле кылып, кийин аялы жумушта кармалып калганда оозго алгыс кылыгын баштаган. Үй ээси түндө кыздардын кичүүсүн короого чыгарып салып, улуусу менен үйгө бекинип алат. Жаман оюн ишке ашырган соң "эгер муну бирөө айтсаң апаң менен сиңдиңди өлтүрүп коем"- деп коркуткан. Кичинекей кыз болгон окуянын барын эч кимге айтпай төрт жыл  жүргөн. Бул убакыт аралыгында шектүү анын сиңдисин да зордуктап, жада калса аялын төрөтканага жаткызып коюп, жашы жете электер менен эки күн бою жыныстык катнашта болгон. Күндөрдүн биринде аял Бишкекке бир нече күнгө кете тургандыгын кыздарына кабарлаганда улуусу чыдыбай ыйлап жиберген. Ал өгөй атасынын буга чейин кылган былыктарынын баарын айтат. Анын сөзүн дарыгерлер да тастыктаган. Соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай, кыйноого алынып көрсөтмө бердим деп жан алакетке түшкөн. Бирок экспертиза ал камакта жатканда ага катара күч колдонулгандыгын аныктай алган эмес. Эми ал өмүрүн аягына чейин түрмөдө болот.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбеков бычакталды. Окуянын чоо-жайы
Бычак шилтеген жүргүнчү. 34 жаштагы жаран үй-бүлөсү менен мейманга барып, ал жактан мас болуп калып, үйүнө жетип алуу үчүн такси чакырат. Жолдон кетип баратып айдоочуга арак алыш керек деп дүкөнгө токтотуп,  чыр чыгарган. Ал тургай кайдан-жайдан бычак алып чыгып таксистке кол салган. Ошол маалда көчөдө кетип бараткан тартип сакчылары анын колун толгоп тынчтандырган. Сотто такси кызматында иштеген адам аны кечиргени менен сот аны шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Адам өлтүрүүгө барган ак халатчан. Ооруканада иштеген медайым жашы өтүп калган эркекти көптөн бери дарылап жүрүп анын "сүйгөнүнө" айланып, байлыгына көз арта баштаган. Арам оюн  ишке ашыруу үчүн жасалма мурас кагазын жаздырууга нотариус таап, бейтапты өлтүрүүнүн планын ойлоп тапкан. Бирок анын көздөгөнү ишке ашкандан кийин маркумдун жакындары тууганынын өлүмүнө дарыгер күнөөлүү деп чыгышкан. Анткени оорукана көз жумган жаран Бишкектеги үйүн небересине калтыргандын ордуна медайымга жазып берип салган. Териштирүү маалында эксгумация кылынган.  Иликтөөнүн жыйынтыгы маркумдун канынан Ысык-Көлдө гана өскөн өсүмдүктөн чыга турган уулуу заттын чыканын көрсөткөн. Арам ойлуу ак халатчан эми 12 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин июль айындагы чуулгандуу сот чечимдерин окуңуздар. https://sputnik.kg/incidents/20180806/1040501965/kyrgyzstan-sottuk-chechim-iyul.html

Жаңылыктар түрмөгү
0