БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду болгон лексикону менен сөгүп, мазактап сүйлөп жана баңги затын даярдап жаткан кишини кармалды. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.
Мындай видео социалдык тармакка 17-августта тарап кеткен. УКМК менен ИИМдин кызматкерлери Бостери айылындагы пансионаттардын биринен ал адамды ошол эле күнү кечки саат 10дордо кармаган.
"Кармалган адам 28 жашта, анын Бишкектин тургуну экендиги аныкталды. Жанынан 20 граммдык гашиш табылды. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ата-энесинин айтымында, буга чейин башынан жаракат алган. Андан сырткары, психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат", — деп айтышты алар.
Ал жаранга карата Кылмыш кодексинин 246-беренсинин негизинде иш козголгон.
Учурда анын шериктерин кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.