Аялына ок чыгарган күйөө, бети-башы канжалаган бала. Майдагы чуулуу 8 соттук иш

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет үч жаштагы наристени өлгүчө сабаган келин, 7 жаштагы окуучуга кол көтөргөн чоочун ата менен аялына ок аткан үй-бүлө башчынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу сөз кылабыз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы чуулгандуу соттук чечимдерди сунуштайт.

Секелек кызга кол салган…

Жашы өтүп калган жаран мектепке кетип бараткан тогуз жаштагы кызга карата сексуалдук мүнөздөгү күч колдонгон. Окуя болгон жерден жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн. Тергөө маалында шектүү төбө чачты тик тургузган аракеттерге бир нече жолу баргандыгы аныкталып, аны соттук-медициналык экспертиза тастыктаган. Үч баланын атасы сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Сабалган 7 жаштагы окуучу

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти кордогон милиционерлерге кандай чара көрүлгөнү айтылды
54 жаштагы айыл тургуну эртең менен эрте мектепке бараткан жети жаштагы баланы эч себепсиз сабап койгон. Жабыркаган окуучунун апасы тартип сакчыларына "мектепке шашып барсам уулумдун бети-башы канжалап шок болуп отуруптур" деп арызданган. Сот бардык жагдайларды эске алып, балага кол көтөргөн адамды бир жылга жатак абагына кескен.

Аялына ок аткан

Түгөйлөр жарандык никеде жашап бирге түтүн булатып келишкен. Алардын сотто берген көрсөтмөсү боюнча, күйөөсү капысынан травматикалык тапанча менен аялын бутка атып алган. Андан соң ызы-чуу болгон жубайлар урушуп, бири-бирин бети-башы тытканга чейин жеткен. Сот окуянын күнгөй-тескейин карап чыгып, ок чыгарган күйөөнү бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Уулун өлгүчө сабаган келин

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция бөлүмүндө кызды бычактаган киши эки айга тергөө абагына камалат
Күйөөгө тийип чыккан 24 жаштагы келин шымына сийип койгон баласын депкир менен катуу сабаган. Анын кесепетинен, үч жаштагы наристе эс-учун жоготуп, баш мээси чайкалып, акырек сөөгү жабыркаган абалда ооруканага түшкөн. Бейтапканада бир жумадай эсине келе албай, акырында чарчап калган. Өз баласын өлгүчө сабаган аял эми 13 жылдык өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Каргашалуу кеч

Кылмышка шектүү жигит 23 жаштагы сүйлөшкөн кызына барып, кызын 75 жаштагы абышка менен төшөктө кармап алган. Ыңгайсыз абалга кептелген сулуу чогуу жаткан киши жөн гана кесиптеши экендигин айтып, актанууга аракет жасайт. Бирок ачууга алдырган жигити бийкечтин көңүлдөшүн күрөк менен өлтүрө чаап, сөөктү жашырууга аракет кылган. Ал эми кыз ошол эле түнү өз үйүндө арактан ууланып көз жумган. Сот адам өмүрүн алган кылмышкерди 18 жылга камады.

"Таарынган короз"

Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда эки жаштагы наристе көгала болуп сабалып, ооруканага түштү
Адам өмүрүн кыйган деп шектелген адам буга чейин "зордуктоо", "талап-тоноочулук", "уурулук" беренелери боюнча бир нече жолу камалып чыккан. Ал акыркы учурда эркиндикте жөн жүрбөй уюлдук телефон, магнитофондорду уурдоо менен алектенип келген. Бир күнү ал мас болуп, мурда жакын мамиледе болгон келиндин үйүнө барып майрамдайт. Анда сүйлөшүп отуруп келин коногун "таарынган короз" деп тамашаласа, эргул бычак менен аны төшкө сайып жиберген. Күлдүрөм деген аял ооруканада көз жумуп, бычак шилтеген эркек 18 жылга эркинен ажыратылды.

Сириядагы кыргызстандык согушкер

Соттолуучу Москвага аялы менен иштегени кетет. Бирок алардын никеси узакка созулбай, үй-бүлө башчысынын тукумсуз экендиги аныкталып жубайлар ажырашып кеткен. Жалгыз калган эркек кийин дарылоосуна жардам бере турчу адам менен байланышып жүрүп, Сирияга кетип калган. Сот отурумунда шектүү согуш талаасына өзү барбагандыгын, аны мажбурлап алып кетишкендигин саймедиреген. Террорчулар менен ымаласы бар делген кыргызстандык Түркиянын миграциялык полициясынын колуна түшкөн. Андан соң Кыргызстанга өткөрүп берилип, жергиликтүү укук коргоо органдары аны пулемёт орнотулган жолтандабас айдап, согушчандардын аймагын коргоого катышкандыгын такташкан. Ал жаран алты жылга камалды.

Түгөйлөрдүн чыры

Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Ошто сөөгү өрттөлгөн таксист. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Соттолуучу 57 жаштагы аялды катуу сүйүп калып, аны менен жакын мамиледе болгон. Бир күнү ал "ашыгынын" чоочун эркек менен жүргөнүн көрүп калып, чыр чыккан. Эркек аялдын баш мээси чайкалып, денеси көгала болгончо сабап салган. Жабырлануучу эргулду кайчы менен бетке сайып, кошунасыныкына качып кутулган. Андан соң ачууланган шектүү үйдүн пардасын өрттөп жибергенге жетишкен. Кызыгы, сот отурумунда аял эркекти эркиндикке чыгарууну суранган. Сот ага карабай "кызыл камчыны" жети жылга кести.

Жаңылыктар түрмөгү
0