БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине калаа мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.
![Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103940/16/1039401695_24:0:989:606_600x0_80_0_0_c38f2398a955da1c0e36a5ae5bff2a33.jpg)
![Кошуналар тарабынан 102 номерине кичинекей наристенин сабалганы тууралуу маалымат түшкөн Кошуналар тарабынан 102 номерине кичинекей наристенин сабалганы тууралуу маалымат түшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103940/17/1039401700_55:0:1020:607_600x0_80_0_0_b78448687284c0f4f943c0702b7fdae9.jpg)
![Тартип сакчылары жерине келип, социалдык коргоо кызматкерлерин чакырышкан. Алар 528-токтомдун негизинде баланы өз кароосуна алып, ооруканага жаткырышкан. Тартип сакчылары жерине келип, социалдык коргоо кызматкерлерин чакырышкан. Алар 528-токтомдун негизинде баланы өз кароосуна алып, ооруканага жаткырышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103940/16/1039401690_37:0:1002:606_600x0_80_0_0_ebb80c6e3d0039d620b19e4c26b39ed5.jpg)
Маалыматка караганда, окуя 27-майда болгон.
"Кошуналар тарабынан 102 номерине кичинекей наристенин сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Тартип сакчылары жерине келип, социалдык коргоо кызматкерлерин чакырышкан. Алар 528-токтомдун негизинде баланы өз кароосуна алып, ооруканага жаткырышкан. Учурда наристе Балыкчы шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Соцкызматкерлер баланы кезектешип карап жатышат", — деп социалдык бөлүмдөн билдиришти.
"Учурда наристени таажеңеси сабады делген версия айтылып жатат. Соттук-медициналык экспертизанын бизге оозеки берген маалыматы боюнча балага чындап эле кол көтөрүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп кошумчаланды бөлүмдөн.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы жогорку категориядагы соттук-медициналык эксперт Азис Койгелдиев менен байланышканда, ал баланын денесинде тактар болгонун ырастады.
"Эгер бала өзү жыгылганда денесинде мындай тактар калмак эмес. Текшерүү учурунда наристенин бети-башында, жамбашы менен аркасында, колу-буттарында көгала так калып, жаракат алганы аныкталды", — деди ал.
Бул боюнча укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак соттук-медициналык экспертизанын расмий жыйынтыгы чыккандан кийин гана кылмыш ишинин козголор-козголбосу чечилерин маалымдады. Анын айтымында, учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
P.S. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул окуянын иликтенишине тыкыр көз салып турмакчы.