Чеченстанга курал жиберип турган делип АКШда Кыргызстандын эки жараны кармалды

© AFP / MIGUEL SCHINCARIOLОружейный магазин в Сан-Паулу, Бразилия
Оружейный магазин в Сан-Паулу, Бразилия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар 100дөн ашык даана курал-жаракты тиричилик буюмдары жана автоунаа отургучунун кабы деп жиберүүгө аракет кылышкан

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын эки жараны Вашингтондо мыйзамсыз курал-жарак сатууга жана аткезчиликке айыпталууда. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Эльдар Резванов 27-февралда Вирджиния штатында колго түшкөн.

Оюнчук пистолеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пакистандын айрым аймактарында оюнчук тапанча сатууга тыюу салынды
Аталган штаттын Чыгыш округунун прокурорунун маалыматы боюнча кармалгандар 100дөн ашык курал-жаракты Чеченстанга тиричилик буюмдары жана автоунаа отургучунун кабы (чехол) деп жиберүүгө аракет кылышкан. Полициядан билдиришкендей, кыргызстандыктар мындай товарларды дээрлик күн сайын жиберип турушкан.

Washington Post басылмасынын жазышынча, аталган иштин соту шейшемби күнү, 27-февралда болмок, бирок аймактык соттун чечими менен 1-мартка жылдырылган. Кармалгандар 20 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатканын айтты.

Буга чейин Казакстандын дагы атайын органдары операция өткөрүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Алардын арасында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы бар болчу. Ал трансулуттук кылмыштуу топту жетектеген деп айыпталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0