00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое политический конфликт и чем он отличается от других - беседа с экспертом
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
15:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В музее Фрунзе открыли выставку об Уркуе Салиевой - почему это важно
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что такое система СПОТ и каковы последствия ее запуска для ЕАЭС
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
20:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
21:05
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстанда кармалган ЖК депутаты "кылмыштуу топтун башчысы" аталды. Видео

© AFP / ANTHONY WALLACE Арест гражданина
Арест гражданина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканал депутаттын кармалышы боюнча буга чейин жарыялана элек видеолорду көрсөттү

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Казакстандын КТК телеканалы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышынын чоо-жайын жарыялады.

Колго түшкөн трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасаган иштерин моюнга алып көрсөтмө берүүдө. Топтун мүчөлөрү ишкер-импортерлордон акча алып турганы, акча берүүдөн баш тарткандарынын товары чек арада көпкө туруп, же такыр эле жоголуп кетип турганы айтылды.

"Жаркент" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери Галым Сергалиевдин айтымында, "Жаркентте" иштеген мамлекеттик кирешелер департаментинин тогуз кызматкеринин ар бири смена сайын миллион теңгеден ашык алып турган.

Ушул эле көзөмөл өткөрүү пунктунун башка кызматкери жетекчилер бажыдагы коррупцияга көңүл бурбагыла деп айтканын, бир нерсе чыкса ордуна башкаларды алып келем деп коркутканын кошумчалады.

"Жүргүнчүлөр өтчү жерден бандиттер миллиондоп акча жасаган, ал эми жүк өтө турчу жерден тапкан акчаларына сан жетпейт. Бул акчага хан сарайлар салынып, кымбат машиналар алынган. Айрымдары асыл тукум жылкы кармоочу сарай да курууга жетишкен. Кармалгандардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу жакшы жашаган. Ал бардык аткезчилик түзүмдөрдүн башында турган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык депутат Алматыдагы ресторандардын биринде бишкектик ишкер Уланбек Мурадилов жана казакстандык чек арачы Эмилбек Көчөрбаев менен чогуу отурганда кармалганы айтылат.

ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казакстан ИИМи: Дамирбек Асылбек уулу Жамбылда туулган, улуту — казак
"Материалдар боюнча ал трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы. Тергөөнүн маалыматына ылайык, мыйзамсыз иштерди жасоого Мурадилов жардам берген. Кармоо учурунда анын капчыгынан белги коюлган 92 миң доллар табылган. Бул акчаларды ишкердин товарларын аткезчилик жолу менен өткөрүп берүү үчүн алган. Мындай аракет Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине эл аралык бандаларды кармоого жардам берген", — деп КТК телеканалы маалымдады.

Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0