Бишкектин жака белинде айдоочу беш адамды коюп, үчөө каза тапты

© REUTERS / Rodi Said Нападение на автомобиль в провинции Хасака. Сирия
Нападение на автомобиль в провинции Хасака. Сирия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" совхозунда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа беш адамды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. Маалыматты милициядан тастыкташты.

Окуя саат 15.30дар чамасында болгон. 1972-жылкы аял кырсык болгон жерден көз жумган.

"Үчөө ооруканага жеткирилген. Алардын арасында 7 жаштагы бала, 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 40 жаштагы аял болгон. Бала менен аял ооруканада көз жумган. Күбөнүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон", — деп милициядан билдиришти.

Айдоочу эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0