09:50 25 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Животный парк Сент-Круа на востоке Франции

Ысык-Көлдө күйөөсүнө кол салган карышкырды аялы бычактап өлтүрдү

© AFP / JEAN-CHRISTOPHE VERHAEGEN
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
193430

Окуя 7-ноябрда кечинде болгон. Ушундай эле окуя 2015-жылы Тоң районунун Кара-Сай айылында катталган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө күйөөсүнө кол салган карышкырды жүрөккө сайып өлтүргөн аял жолдошун аман алып калды. Бул тууралуу Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Эрлан Асаналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Убитый волк, который напал на Мирбека Келгенбаева в перевалочном пункте в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике.
© Фото / Мирбек Келгенбаев
Нападение волка на человека в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике

Анын айтымында, окуя 7-ноябрда кечинде болгон. Мирбек Келгенбаевге сегиз жашар баласы менен Сарычат — Эрташ ашуусунда бузулуп калган машинасын оңдоп жатканда карышкыр кол салган. Үй-бүлө Ак-Шыйрактагы үйүнө бараткан.

"Мирбек сегиз жашар баласы менен машинасын оңдоп жатканда аялы Элнура ашуудагы коруктун имаратына жылынуу үчүн кирген. Ушул маалда карышкыр Мирбекке артынан кол салган. Ал жырткычты кулактан алып, буту менен жерге басып калганга үлгүргөн. Мирбек аялына "бычак алып кел" деп кыйкырган. Карышкыр менен алышып жаткан күйөөсүн көргөн Элнура бычак ала чуркап жырткычты жүрөккө сайган", — деди Асаналиев.

Пострадавший от нападения волка Мирбек Келгенбаев
© Фото / предоставлено Мирбеком Келгенбаевым
Нападение волка на человека в Сарычат-Эрташском государственном заповеднике
Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы окуя болгон жерге үч сааттан кийин келип, жабыркаган Мирбекке биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Эртеси Келгенбаев жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн.

Асаналиев тамаша иретинде алардын аялдарынын баары кыйын экенин кошумчалап, ушундай эле окуя 2015-жылы Тоңдун Кара-Сай айылында да катталганын белгиледи. Анда да жергиликтүү тургунга кол салган карышкырды аялы бычак менен сайып, күйөөсүн ажалдын оозунан сууруп алган.

Тема боюнча

Германияда кеңседе отурган тургундарга жапайы камандар кол салды
Аңсакчы Жапаров: коңшуларым карышкыр, илбирс жана тоо текелери...
Караколдогу зоопарктан качып чыгып канжалап жүргөн карышкыр атылды
Белгилер:
карышкыр, Ысык-Көл
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ