Ымыркайын өлтүрүүгө шектелген аялдын жанын кыйганы тууралуу маалымат такталууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОткрытие нового следственного изолятора в Уссурийске
Открытие нового следственного изолятора в Уссурийске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары Нарындын 30 жаштагы тургуну кармалган

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө шектелген аялдын өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча териштирүүнү баштаганын аталган мекеме билдирди.

Больница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык аял ымыркайын баштыкка салып курьерден балдар үйүнө берип ийди
Буга чейин аялдын Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында жанын кыйганы тууралуу маалымат тараган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Бишкектин Киркомстром аймагындагы таштанды челектердин биринен жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары Нарындын 30 жаштагы тургуну кармалып, Кылмыш жаза кодексинин "Ымыркайдын энеси тарабынан өлтүрүлүшү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0