БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө шектелген аялдын өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча териштирүүнү баштаганын аталган мекеме билдирди.
Буга чейин аялдын Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында жанын кыйганы тууралуу маалымат тараган.
Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Бишкектин Киркомстром аймагындагы таштанды челектердин биринен жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары Нарындын 30 жаштагы тургуну кармалып, Кылмыш жаза кодексинин "Ымыркайдын энеси тарабынан өлтүрүлүшү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.