Кара-Сууда кар көчкү 38 жаштагы аялдын өмүрүн алды

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар көчкүнүн алдында калган аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгышты.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында кар көчкү түшүп, бир адамды басып калгандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Папан айыл аймагынын Кожокелең айылында саат 15:00дөрдө кар көчкү түшүп, 38 жаштагы аялды басып калды. Айыл алыс жайгашкандыктан, куткаруучулар барганга чейин 15.40та жергиликтүү тургундар көчкүнү казып, аялдын сөөгүн алып чыгышыптыр", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Эске салсак, бүгүн таңга маал Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкүнүн алдында калган 10 жаран аман калып, эки жаш бала каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0