БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өз унаасында баратып ок жеген ишкер каза тапканын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин ишкер Абдусатар Азизов Индустриал көчөсүндө унаасын айдап бара жаткан кезде белгисиз жаран аны көздөй ок чыгарган. Жабырлануучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"63 жаштагы ишкердин оң тараптагы кулагынан операция жасалып ок алынган. Бейтап өзүнө келе албай каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында кылмышты Mersedes Benz-600 үлгүсүндөгү автоунаадагы азият улутундагы белгисиз жарандар жасагандыгы маалым болгон. Шектүүлөрдү кармоо боюнча "тосмо" операциясы киргизилген.
"Натыйжада шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 24 жаштагы тургуну жана анын 23 жаштагы досу Р.Н. аттуу жаран кармалды. Mersedes Benz-600 үлгүсүндөгү унаа Р.Н. аттуу жарандыкы болгон. Анын машинасынан төрт даана огу менен тапанча табылган. Экөө тең кылган иштерин моюндарына алышты", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.