"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПодписание контракта по военно-техническому сотрудничеству между КР и РФ в корпорации "Дастан"
Подписание контракта по военно-техническому сотрудничеству между КР и РФ в корпорации Дастан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Корпорациянын директору бул макулдашуу россиялык өнөктөштөргө "Дастандын" потенциалын көрсөттү деп эсептейт.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү. Бул туурасында "Дастан" трансулуттук корпорациясынан билдиришти.
Макулдашуу корпорация менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү.
 Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү.
© Sputnik / Табылды КадырбековМакулдашуу "Дастан" трансулуттук корпорациясы менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.
Макулдашуу Дастан трансулуттук корпорациясы менен Рособоронэкспорт акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Макулдашуу "Дастан" трансулуттук корпорациясы менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.
1/2
Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү.
2/2
Макулдашуу "Дастан" трансулуттук корпорациясы менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.
"Дастандын" башкаруучулугун төрагасы Талантбек Иманов келишимге ылайык Россиянын Аскер-деңиз флотуна УСЭТ-85 (электр торпедасы) жана аны текшерүү-жөнгө салуу станциясы үчүн 54 аппараттык модуль чыгарып берерин билдирди.
"Келишим 459 миллион сомго эсептелди, мурда аталган сумма корпорациянын жылдык бюджетин түзчү. Бул макулдашуу россиялык өнөктөштөргө "Дастан" корпорациясынын потенциалын көрсөттү деп ишенебиз. Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн тетиктерди, суу алдындагы деңиз куралдарынын жабдыктарын жеткирүү ушуну менен токтоп калбайт деп үмүт артабыз", — деди Иманов.
Мындай продукциялар 2017-жылы заводдор аралык кооперациянын алкагында "Дагдизель" россиялык заводун атайын техника менен камсыздоо үчүн чыгарылганы айтылды.
Иманов 2021-жылдын февралында продукциянын баасы макулдашылып, апрелде Россия өндүрүш жана продукция менен таанышканын белгиледи. Андан соң акыркы келишимдерге кол коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0