Буюртмалар күттүрбөйт! Кыргызстанда онлайн-соода тездетилет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПочта кызматкери. Архив
Почта кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Тышкы электрондук соода жаатында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдө пилоттук долбоорду киргизүүгө зарыл болгон документтер бекитилди. Бул долбоор сырттан ЕАЭБ өлкөлөрүнө посылкалардын жеткирилишин тездетеби? Sputnik иликтеп көрдү.

Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) тышкы электрондук сооданы бажылык жөнгө салууну жеңилдеткен документтер топтомун кабыл алды. Азыр чет өлкөдөн келген посылкаларды декларациялоо узакка созулуп кетет. Натыйжада айрым буюртмалар дарегине абдан кечигип жетет. Келечекте мындай формалдуулуктардын баарын транс чек аралык интернет сооданын оператору аткармакчы.

Сынамык кадам

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы 3-августта тышкы электрондук соода тармагындагы сынамык долбоорду ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке киргизүү үчүн документтер топтомун бекитти. ЕЭК басма сөз кызматы долбоор быйыл ноябрда ишке кирип, 2022-жылдын декабрь айына дейре уланарын билдирди.

Комиссия жөнөкөйлөштүрүлгөн электрондук декларациянын формасын иштеп чыгып, аны толтуруунун эрежелерин түшүндүрдү. Бул посылканы каттоодо убакытты кыйла кыскартат. Мындай тартип сынамык аракет белгиленген мөөнөттүн аягына чейин жүргүзүлүп, эгер жаңы технология ийгиликтүү иштеп кетсе, Евразиялык экономикалык биримдиктин мыйзамдарына камтылат.

Железная дорога. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жапаров Борбор Азияда транспорттук байланышты жакшыртуу боюнча сунуштарды айтты
Бул менен катар эле Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБдин Бажы кодексине киргизилчү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда. Документке жаңы эки түшүнүк: электрондук соода товарлары жана электрондук соода операторунун ишмердиги тууралуу өзгөртүү киргизилет.

Операторлор институтун түзүү да ушул тапта комиссиянын жумушчу тобунун талкуусунда. Бажы жол-жоболорунан өткөрүүнү ыйгарым укуктуу компаниялар жүргүзөрү болжолдонууда.

"Интернет-сооданын тез, ыңгайлуу, анан да тийиштүү төлөмдөр жана техникалык маселелердин аткарылышына кепилдиктер болушу үчүн аны оператор аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берчү коридор түзүү зарыл", — дейт ЕАКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Иштин мындай форматы бир булактан маалымат алуу менен көзөмөлдөөчү органдар үчүн да, буюртма берген жарандар үчүн да ыңгайлуу. Анткени мындайда кардарлар товардын сапаты жана коопсуздугуна кабатыр болушпайт.

Кечикпей жеткирилет

ЕЭКтин тышкы электрондук соодага көңүл буруп жатканы мыйзам ченемдүү. Себеби, эксперттердин баамында, 2019-жылы биримдик ичинде чет өлкөлүк интернет аянтчаларында сатып алынган товарлардын көлөмү 8,8 миллиард долларды түзгөн. Керектөөчүлүк талап онлайн-режимге да оогон сайын бул көрсөткүч жыл сайын 6-10 пайызга көбөйө баштайт. Ал тургай 2030-жылы Биримдиктин чекене товар айлантуудагы электрондук коммерциянын үлүшү азыркыдан 20-50 пайызга өсүшү мүмкүн экенин белгилейт россиялык Стратегиялык иштелмелер борборунун "Сырьелук эмес сектор экономикасы" багытындагы улук эксперти Илья Стрелков.

ЕЭКтин бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаментинин өкүлү Вадим Козаев он жыл оболу интернетте масштабдуу сооданы элестетүү кыйын болгонун кошумчалайт.

"Ал кезде товарлар негизинен өлкөлөргө ири көлөмдө ташылып, андан соң дүкөндөргө таркатылчу. Адамдар ошол жактан соода кылышчу. Азыр кардарлар өздөрү сатуучуга түз эле кайрыла алышат. Мурда дүкөн текчелеринде сатылган товарлардын көпчүлүгү бүгүн интернет-соода чөйрөсүнө өтүүдө. Натыйжада чет өлкөлөрдү кесип өткөн майда посылкалардын саны жылдан-жылга артып барат", — деп түшүндүрөт ал.

Флаги стран участников ЕАЭС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
Мындай жагдайда мыйзам талаптары аткарылбай калышы ыктымал экенин белгилейт Вадим Козаев. Андай көрүнүшкө туура бажылык тескөө гана бөгөт кое алат.

"Товарлардын сапаты өндүрүмдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарга төп келип, ошондой эле бардык бажы төгүмдөрү төлөнгөнү абдан маанилүү. Аны менен бирге эле посылкаларды дарегине – жеке жактарга бачым жеткирүүнү да камсыздоо зарыл", — деп кебин улайт ЕЭК өкүлү.

Азыркы убакта бажы кызматкерлери ар бир посылканы жана ага тиркелген документтерди кол менен текшеришет. Бул көп убакытка созулуп, посылкалар да кармалып, буюртмачыларга убагында жетпестигин моюнга алат биздин маектеш.

"Товар тууралуу маалымат электрондук түрдө бериле тургандай атайын формаларды иштеп чыктык. Бажы тутумдары аларды автоматтык түрдө текшерип, шек жараткан посылкаларды гана текшерүү үчүн тандайт. Калгандарын куру убара тартпастан дарегине жөнөтүшөт.

ЕЭК эксперимент жүрүп турган маалда товар туурасында интернет-аянтчалардан алган электрондук түрдөгү маалыматтарды алып, бажы кызматына берчү жактардын тобун аныктайт. Бул кошумча көзөмөлдү азайтып, товарды каттоодо убакытты создуктурбайт", — дейт ал.

Акысы арзандайбы?

Илья Стрелковдун айтымында, келечекте ЕЭКтин бул сынамык долбоору ЕАЭБ аймагында чет өлкөлүк посылкаларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, тейлөө акысын азайтууга да өбөлгө болот.

"Долбоордо товарды каттоо жол-жобосун кыскартып жана жеңилдете турган механизмдер каралган. Бул чет посылканын дарегине жеткирүү убактысына оң таасир этет. Андай механизмдердин алгачкысы – декларациялоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн формасы. Экинчиси – "Россия Почтасынын" жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн почта операторлорунун эксперттик жана технологиялык колдоо көрсөтүү үчүн долбоорго кошулушу", — деп белгилейт эксперт.

Первая специализированная выставка Евразия в Тегеране - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Иранда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алгачкы көргөзмөсү ачылды. Ал Кыргызстанга эмне берет?
ЕАЭБ өлкөлөрүнө келген контрафактылык өндүрүм көлөмүнүн төмөндөшү да мында жагымдуу жагдайлардын бири болушу мүмкүн экенин кошумчалайт ал (2020-жылы биримдиктин бажы органдары контрафактынын 15,3 миллион бирдигинин бетин ачкан).

"Санарип тармак – бул маалыматтар чөйрөсү, анда ар бир кадам өз изин калтырат. Интернет-сооданын өнүгүшү, ири маалыматтарды талдоонун технологияларын колдонуу, электрондук сооданын укуктук жөнгө салынышы соода-сатык, ташуу фактысына, товарлардын өндүрүш тарыхына көз салууну кыйла жакшыртат. Товарлардын норма жана стандарттарына шайкеш текшерүү мурдагыдан бир топ жеңилдейт", — деп эсептейт Илья Стрелков. Анткен менен эксперт ЕЭКтин сынамык долбоорунун посылка жеткирүүнүн тездиги жана коопсуздугуна таасири жөнүндө иштиктүү бүтүмдөрдү ал активдүү ишке берилгенде, тагыраак,  2021-жылдын ноябрынан кийин гана чыгарууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0